Бишкекте 5-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "World Of Tanks" ("Танктар дүйнөсү") компьютердик оюну боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өтөт. Баш байгеси 600 000 сомду түзгөн финалдык мелдешке эң күчтүү 4 команда катышмакчы. Мындан тышкары бардык каалоочулар катышып таймашышса болот, жеңүүчү Москвада өтүүчү Эл аралык "Игромир" жана "Comic Con Russia" көргөзмөлөрүнө катышууга жолдомо утат. Эскерте кетсек, чемпиондуктун айыгышкан мүнөздөгү тандоо турларына өлкөнүн мыкты "танкчылары" катышкан эле.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын колдоосу астында өткөрүлөт. Мелдешти көрүүгө келген катышуучулар толук калыбына келтирилген Т-34-85 танкын жанынан көрө алышат. Техникага Башкы штабдын реставраторлорунун зор эмгеги жана "Баарын эстейбиз" глобалдык демилгесинин колдоосу менен экинчи өмүр тартууланды. Быйыл 9-Майда мааракелик парадга катышкан легендарлуу танк тарыхый экспонат катары кызмат кылууда.
Мындан тышкары иш-чара өткөн аймакка аскердик ашкана уюштурулары айтылды. Ал эми Спорт Ордосунун фойесинде Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы куралдар көргөзмөгө коюлмакчы. Балдар үчүн да атайын аниматорлор тарабынан иш-чаралар уюштурулат. Мелдештин өзгөчө коноктору -
Сергей Карапетян "Vspishka" жана
Дмитрий Репин "
de1uxe".