"Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өлкөбүздөгү окуучуларды жана студенттерди 1-Сентябрь – Билим күнү менен куттуктады.
Куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:
"Урматтуу окуучулар жана студенттер!
1-Сентябрь – жыл ичиндеги эң жакшы майрамдардын бири. Бул күн бардык элдерди жашына карабай бириктирет. Адам бул жашоодо эмне иш менен алектенбесин, 1-сентябрь күнү баарыбыз тең өзүбүздүн окуган мектебибизди, училище же техникумубузду, университет, институтубузду эстейбиз. Анткени ошол мезгилде эң бактылуу күндөрүбүз өткөн. Мен дагы ар дайым ушул күнү өзгөчө толкунданам. Менин эмгек жолум алгач мектепте мугалим болуп иштөө менен башталган, физика сабагынан балдарга сабак берчүмүн.
Бизде, мамлекетибизде дайыма илим-билимге өзгөчө сый-урмат менен маани берилип келет. “Адамдын көркү – акыл” деген накыл кеп бар. Канчалык билимдүү болсоң, акылың да ошончолук көп болот эмеспи. Революциядан кийинки жылдарда алдыбызга өлкөбүздү илим-билимдүү мамлекетке айландыруу максаты коюлган. Бул үчүн Кыргыз Республикасы алдыга карай чоң кадам шилтеди. Натыйжада илим-билимди жана маданиятты өнүктүрүү жагынан көп өлкөлөрдү кууп жетти. Анткени биздин өлкөнүн жарандары илим-билим алууга абдан тырышып, мыкты окууга аракеттеништи. Бул жакшы жыйынтык бере алды.
Азыр да биздин жаштар окууну сүйүшөт, билим алууга умтулушат. Кыргыз Республикасында эң жакшы билим уялары жана анда иштеген тажрыйбалуу окутуучулук курам бар. Ал эми мамлекеттен бир гана нерсе талап кылынат. Ал – тармакты андан ары жакшыртууга мамлекет тарабынан көңүл бурулушу. Билим берүү тармагындагы абалды жакшыртуу биздин алдыга койгон негизги маселе болуусу кажет деп ойлойм. Биз бул маселени тоскоолдуксуз чечерибизге ишенем.
Урматтуу достор! Баарыңыздарды жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! Ар дайым ден соолукта жана бактылуу болуңуздар! Билим жолуңуздар шыдыр болушун тилейм!"