Өкмөт жарандарды үй менен камсыздоо үчүн 15 жылдык мөөнөткө ипотекалык насыя берүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда өкмөттө өткөн жыйында экономика министри Олег Панкратов билдирип, тийиштүү программа тууралуу маалымат берди.
Министрге таянсак, "Жеткиликтүү турак жай-2015-2020” программасынын алкагында мамлекеттик ипотекалык компания түзүү менен бюджеттик кызматкерлерди жана калктын аярлуу катмарын үй менен камсыздоо жагы каралууда. Ипотекалык компания коммерциялык банктар аркылуу үстөк пайызы төмөн насыяларды берүү менен эконом класстагы турак жайды курууну ишке ашырмакчы. "Насыялар улуттук валюта менен берилип, пайыздык төлөмдүн көлөмү 12 пайызга, ал эми ипотеканын мөөнөтү 15 жылга чейин деп эсептелүүдө. Турак жайдын баасын чарчы метрине 500 доллардан жогору кылбоо пландалууда",- деп билдирди өкмөттүк аппараттан.