"Өнүгүү-Прогресс" партиясы шайлоодон кийин кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, кайрылууда булар айтылат:
"Урматтуу кыргызстандыктар!
4-октябрда өлкөбүздүн Жогорку Кеңешине кылымга тете шайлоо болуп өттү. Биз жаңы, биометрикалык механизм боюнча таза шайлоо өткөрө алдык. Бул ыкма мурда боло келгендей массалык будамайлоолорду жокко чыгарып, жарандарыбызда алардын добуштары уурдалбагандыгына жана тандаган партияларына тийгендигине ишенимдүүлүк жаратты.
Бул шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй таза өтүп, чыныгы натыйжаларды берди. Биз, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы, бул шайлоону кабыл алабыз жана жыйынтыктарын тааныйбыз.
Биз шайлоо участкаларына келип, өз добуштарын “Өнүгүү-Прогресс” үчүн берген шайлоочуларыбыздын баарына ыраазычылык билдиребиз. Биз баарыбыздын жалпы жеңишибизге салымын кошкон ар бир кыргызстандыкка ыраазыбыз, анткени биз баарыбыз бирге өлкөбүз үчүн өнүгүүнүн жаңы багытын тандап алдык. Ал эми сиздердин көрсөткөн ишенимиңиздерди биздин партиябыз жүргүзүп жаткан прогресс саясатын колдогонуңуздардын көрсөткүчү деп билебиз.
Биз үчүн берилген 147 000ге жакын добуш биздин идеяларыбыздын тууралыгын далилдейт. Карапайым кыргызстандыктардын жыргалчылыгы үчүн үч жыл тынбай иштегендигибизге сиздер татыктуу баа бердиңиздер. Сиздердин добуш – бул ишеним кредити, аны биз сөзсүз актайбыз!
Сиздердин эркиңиздерди билдирүүңүздөрдүн аркасында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы эми парламентте өзүнчө фракция болуп, күн сайын, саат сайын бардык кыргызстандыктардын, тактап айтканда, сиздердин ар бириңиздердин укуктарыңыздарды коргойт.
"Өнүгүү-Прогресс" - 13 мандат:
1. Төрөбаев Бакыт Эргешевич
2. Жунус уулу Алтынбек
3. Масалиев Исхак Абсаматович
4. Асылбаева Гүлшат Кадыровна
5. Шайназаров Тынчтык Урайимович
6. Султанов Абдыкапар Маданбекович
7. Бакиров Мирлан Исакбекович
8. Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович
9. Жолдошбаев Камчыбек
10. Жамалдинов Зиядин Исламович
11. Юсуров Абдумажит Лелезович
12. Жутанов Алмаз Токтоназарович
13. Икрамов Тазабек Икрамович".
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Саясий кеңеши