2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо
Хулкарпаша Сабирова “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан депутаттыкка аттанып, Ош шаары боюнча 600 гана добуш алган. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы билдирди.
Партиянын ички тартиби боюнча, ар бир талапкер бөлүнгөн округунан жеткиликтүү добуш ала албаса, тизмеден чыгып, көп добуш алганга бошотуп берери белгиленет маалыматта. Бирок Хулкарпаша Сабирова добуш ала албай калганын моюнга албай, партияны сотко берүүдө. Төмөндө Хулкарпаша Сабированын өзү берген анты сунушталат.