Бакыт Төрөбаев: "Бизге добуш берген ар бир шайлоочуга ыраазычылык билдирем"

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 28-октябрда өз ишин баштады. Жыйында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөдү.

"Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына шайланган бардык депутаттарды, партия өкүлдөрүн элдин ишенимин алып, жаңы парламенттин мүчөсү болушу менен чын жүрөктөн куттуктайм! Баарыбыз чогулуп Кыргызстандын келечеги, элибиздин жыргалчылыгы үчүн жана эл алдында берген убадаларыбызды аткаруу үчүн белсенип, ынтымакта, биримдикте иштейли деген тилегимди айткым келет.

Өлкөбүз кезектеги чоң сыноону башынан өткөрдү. Биз жаңы, биометрикалык механизм боюнча таза шайлоо өткөрө алдык. Ошону менен бирге эле өлкөбүздүн тарыхындагы шайлоо жаңы маданияты, жаңы технологиясы менен таза, ачык-айкын, прогрессивдүү жол менен шайлоону өткөрдүк. Бул да болсо демократиялык процесстердин позитивдүү кадамы катары бааланышы керек.

Бул жаңы технология президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин демилгеси менен жүргүзүлдү. Учурдан пайдаланып, өз добуштарын, ишенимин, үмүтүн “Өнүгүү-Прогресс” партиясына берген ар бир шайлоочуга жеке өзүмдүн жана партиянын атынан ыраазычылыгымды билдирем. “Өнүгүү-Прогресс” партиясына берилген 150 миңге жакын добуш карапайым элдин мүдөөсү, келечекке болгон ишеними биз менен бирге экендигин жана партиябыздын идеялары ага дал келгендигин далилдейт. Бул биздин талыкпаган эмгегибиздин баасы деп билебиз.

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы биринчи жолу Жогорку Кеңешке өз алдынча фракция болуп түзүлүп келди. Бүгүн биз "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан шайланып келген депутаттардын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы түзүлдү. Бул фракцияга төмөндөгү 13 депутат кирет:

Төрөбаев Бакыт Эргешович, Жунус уулу Алтынбек, Масалиев Исхак Абсаматович, Асылбаева Гүлшат Кадыровна, Шайназаров Тынчтык Урайимович, Султанов Абдыкапар Маданбекович, Бакиров Мирлан Исакбекович, Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович, Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич, Жамалдинов Зиядин Исламович, Юсуров Абдумажит Лелезович, Жутанов Алмаз Токтоназарович, Икрамов Тазабек Икрамович.

Жаңы парламенттин баштаган жолу байсалдуу болсун!"- деп билдирди Төрөбаев.  

Ушул жыйында Бакыт Төрөбаев бир добуштан фракциянын лидери болуп шайланды жана фракциянын жобосу бекитилди.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
omurbek1990
2015-10-29 10:25:42
Жакшы иштеп убадаларыны аткар эми Бакыбай.
+5
timarama91
2015-10-29 10:32:12
Ээ тууган убаданды аткарып олум жазасын киргизчи андан коро. Наристелер азап тартууда кун сайын. Наристелерди уруп, сабап, зордуктап олтургондор коп болууда.
+6
advokat.nur
2015-10-29 11:35:32
Биз сизге ишенели
+1
erbaian
2015-10-29 12:18:26
мага бул партиянын платформасы абдан жаккан.ошондуктан бул партияга аз да болсо салымымды кошойун деп 1 ай толугу менен партиянын атына иштедим.бирок акырында ыраазычылыгын
коро албадым.кызык:-мага окшоп ишенип шайлаган карапайым элибиз к
корот бекен ыраазычылыгын.же куру соз менен калып кетет бекен
0
Lenin
2015-10-29 12:33:53
erbaian,
кандай кылып ыраазычылык кылыш керек эле, эмне куттунуз эле. Же алардын берген убадалаыр бар беле
+1
karona
2015-10-29 13:40:00
erbaian, сен дагы акчага сатылып кете тургандардан окшойсун го! Адамдардын ой жугуртуусу да озгоруп кеткенине тан калдым. Сен ишенип шайлаган болсон озундун келечегин учун шайладын дос! Алардын келечектеги убада бергендей кылып жасай турган ишине умут кылып отур эми.
+1
erbaian
2015-10-29 15:28:58
karona,биздин элге курук ыраазычылык эмес.иш жузундо корсотуш керек.мага эмес шайлоо алдында элге берген убадалардын аткарышса болгону.
+1
tursunbaev2004
2015-10-29 16:54:19
erbaian,Шайлоо-жайлоо болуптурда бул жагы
0
dosym
2015-10-29 13:53:56
эч нерсе эмес
0
Umar080814
2015-10-29 14:15:52
иштеш керек эми мумкунчулук барда
0
lun
2015-10-29 14:57:09
Онуугу Прогрес партиясы эл учун иштеген партия дагы да иштейт Манас айылында Дружба кочосундогу этажкага чон жардам беришти подъездерди ондоп элдер ушул партияны шайладык иштерине ийгилик ар дайым элдин ишеними болуп журо бергиле
+1
kakebrat
2015-10-29 15:44:56
Мелис Мырзакматовду сатып кетткен адам Ош шаарынын эли кубо эми кырда сатып кетет
0
Izdeim_seni.
2015-10-30 09:43:21
Ооба ,ишендик аябай
0
bolotbai3
2015-10-30 10:07:45
Шайлоо угут иштери буткучо онугуу прогресс деп эле кулак мээни жеди эле лапшаларды кулака илип.Эми дагы да баштадыбы.Кара кулжанын Чалма айылындакы капчыгайга мини ГЭС куруп берем деген боюнча дайыны жок,куйрукту туйуп,коёндун суротун тартып коюп.Элди алдабай эркекче созунорго турсанар урматтуу механизатор партия.
-1
lun
2015-10-30 11:16:51
онугуу прогрес партиясы эч кимди алдабайт эми коросунор да жардам сурап кайрылуу жазгыла кучунор жетпеген иш болсо бул партия ишеничтуу чыдагыла Бакыт сага ийгилик
+1
Bekchoro
2015-10-30 12:37:29
Озу шайлоо жакында эле бутуп тош белгилерин жаны эле алыштыго коросунор бул партия ишеничтуу элге пайдасы тийген партия. Бакыт акеге ийгилик, бекем ден-соолук коро албагандар унчукпагыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан