Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, социалдык кызматчы кесибинин кадыр-баркынын бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө ой жүгүртүүгө мезгил келип жетти. Мыйзам долбоору коомдук турмушта социалдык кызматчынын укуктук статусун мыйзамдуу белгилөө жана анын ролун аныктоо, кепилденген мамлекеттик кызматтарды алууда жарандардын аярлуу категорияларына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.
Сунушталган мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй терминдерди: Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар; 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясында кабыл алынгандыгына байланыштуу тобокелдик топтору жана жыл сайын волонтёрлор маанилүү ресурс болуп бара жаткандыктан, ошондой эле волонтёрдук иш дүйнөнүн бүткүл өлкөлөрүндө кеңири тарагандыктан, волонтёрлордун иши социалдык волонтёр деп аталган түшүнүктөрдү кеңейтүү сунушталат.
Бир катар талкуулардан соң мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.