Жогорку Кеңеш коомдук турмушта социалдык кызматчынын укуктук статусун мыйзамдуу белгилөө жана анын ролун аныктоого багытталган мыйзам кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 19-ноябрда “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоору коомдук турмушта социалдык кызматчынын укуктук статусун мыйзамдуу белгилөө жана анын ролун аныктоо, кепилденген мамлекеттик кызматтарды алууда жарандардын аярлуу категорияларына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй терминдерди: Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясында кабыл алынгандыгына байланыштуу тобокелдик топтору жана жыл сайын волонтёрлор маанилүү ресурс болуп бара жаткандыктан, ошондой эле волонтёрдук иш дүйнөнүн бүткүл өлкөлөрүндө кеңири тарагандыктан, волонтёрлордун иши социалдык волонтёр деп аталган түшүнүктөрдү кеңейтүү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан