Депутаттыкка талапкер Жыргалбек Саматовдун тарапташы президентке кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматовдун тарапташтарынын бири президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады. Кайрылууда булар айтылат:

"Алматы шаарында убактылуу жашап, иштеп жаткан Чолпон Койчубаевадан
кайрылуу:

Урматтуу президент, cиздин талыкпай элдин эртеңки күнүнө карата зор жумуштарды жасап жатканыңыз үчүн эң биринчи жакынкы чет мамлекеттерде убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештердин атынан чоң рахматыбызды айтабыз.
Учурда кыргызстандыктардын ар бир үй-бүлөсүндө чет жакта иштеп жүргөн жок дегенде бирден адам бар экени маалым. Акыркы кезде башка коңшу мамлекеттердин жарандарына салыштырмалуу биздин мекендештерибизге болгон мамиле жакшы жагына ооп, жумушка орношуу, билим алуу, күндөлүк жашообуз бир топ жеңилдиктерге ээ болду. Ушул нерселердин баары cиздин туура саясат жүргүзүп, өз элиңиз үчүн камкордук жасап жатканыңыздын жыйынтыгы деп билебиз.

Казакстанда жүргөн кыргызстандыктар үчүн чек арадан өтүп, кайра чыгуу мөөнөтүн беш күндөн бир айга узартып берүү маселесин чечип берүүңүздү суранабыз.

Урматтуу президент!

Саматов Жыргалбек Алимбаевич бардык эле башка мигранттар сыяктуу жаш кезинен Орусияда эмгектенип, өзүнүн талыкпас мээнети менен жакшы ийгиликтерге жетишип, элине келип кызмат өтөп жаткандыгы эртеңки күндөн жакшы үмүтү бар ар бир мигрант үчүн үлгү катары эсептелет. Жыргалбек Саматов талаада жүргөн мекендештеринин башынан өткөргөн кыйынчылыктарын жон териси менен башынан өткөргөндүгү үчүн колунан келишинче чет-жакадагы мекендештерине жардамын аябай келет. Анын Кыргызстандын өзүндө канчалаган зор эмгектерди жасагандыгын жалпы элибиз билет жана баалайт.

Бул киши жасаган ишин айтып даңазалап, милдет кылбайт. Өзү туулуп-өскөн Өзгөн районунун эли Жыргалбек Саматов менен сыймыктанат. Мектеп, оорукана, жол оңдоп, элдин турмушун жеңилдетүү үчүн анын жасаган жумушун эли баалап, ага ишенип, Жогорку Кеңешке талапкерлигин колдоп, шайлоодо абдан көп добушка ээ болгон. Кандайдыр бир түшүнүксүз шылтоо менен БШК Жыргалбек Саматовго мандат бербей, Жогорку Соттун чечимин аткарбай жаткандыгы Жыргалбек Саматовдун миңдеген колдоочуларын таң калтырып жатат. Биздин мамлекетибиздин эртеңки күнүнө үмүтүбүз абдан зор, жаштарыбыздын келечеги кең экендигине ишенип, Борбордук шайлоо комиссиясы калың журттун атынан талапкер болгон Жыргалбек Саматовго мыйзамдуу депутат мандатын берүүсүн өзүңүз колго алып, маселени чечип берүүңүздү суранабыз.

Мамлекетибиз өнүгүп-өсөт, жаштарыбызга туура тарбия беребиз жана үлгү болобуз деген чоң үмүт менен сизге кайрылуудабыз. Алдын ала ыраазычылыгыбызды билдирем".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kuba502
2015-12-07 16:59:28
Мына сага Атамбаев берет бекен мандатты
0
nurik2103
2015-12-07 17:04:53
туура саясат жургузот дейтко, туура саясат жургузсо кичине алдыга жылат елекко, ушул кайрылуу учун мандат берсе кун тескерисинен чыгып кетет
+1
shailoo2015
2015-12-07 17:27:22
nurik2103,хахахахахаха өлтүрөсүңго
0
jigitomar
2015-12-07 21:38:42
nurik2103, кунун кандай чыкты
0
Arslan12
2015-12-07 17:06:55
Бир эле адамдан жазылгандай го
0
talgatbek87
2015-12-07 17:12:19
Бугун берилди депутаттык мандат, кут болсун эми эл учун иштениз!!!
0
cholpontolgongylyn
2015-12-25 16:55:37
Азыр адамдар озунун кызыкчылыгы учун хамолеон болуп мактамыш болушат да...))) Балли
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан