Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду. Өкмөт башчынын башка буйругу менен Ош облустук администрациясынын башчылыгына Таалайбек Сарыбашов дайындалды. Жээнбеков Ош облусун 2012-жылдан бери жетектеп келген.
Таалайбек Сарыбашов буга чейин Ош облусунун Алай районунун акими кызматында иштеген.