Евросоюз Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоого 30 миллион евро бергени жатат. Буга багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 17-декабрдагы жыйынында 1-окууда кабыл алды.
Каражат "Секторду реформалоого келишим - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" программасынын алкагында берилип, 26 миллион евросу республикалык бюджетти колдоого, 4 миллион евросу аталган программаны ишке ашыруу үчүн техникалык жардамдарга жумшалмакчы.
Программанын алкагында калктын аярлуу катмарынын, балдардын абалын жакшыртууга, балдарды коргоо жаатындагы социалдык реформаларды ишке ашырууга, жалпы эле калктын жакыр катмарлары үчүн социалдык жардамдардын даректүүлүгүн жогорулатууга көңүл бурулат.