Мээрбек Мискенбаев өкмөт башчы Темир Сариевге: "Казино ачып, ыплас жол менен бюджетти толтурбай эле койбойсузбу, Максимдин 60 тыйынынан айырмасы жок болуп калат"

Парламент жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев өкмөттүн "Манас" аэропортуна казино ачуу демилгесине токтолду. Мискенбаев аталган демилгеге каршы депутаттар арасында кол топтоо жүрүп жатканын айтты.
"Эттин ордуна төө буурчак жегиле", казино ачуу, Кытай жарандарына визасыз режим киргизүү боюнча айткандарыңыз коомчулукта катуу талкууга алынып, терс пикирлер жаралып жатат. Казино ачып, ыплас жол менен бюджетти толтурбай эле койбойсузбу, Максим Бакиевдин 60 тыйынынан айырмасы жок болуп калат экен. Казино ачылса, ага мамлекетибиздин жарандарын кирбегендей кылабыз деп жатасыздар. Азыр жашыруун иштеп жаткан казинолорду жаба албай жатасыздар, анан кантип киргизбей коёсуздар? Азыр депутаттар арасында бул демилгеге каршы кол жыйнап жатабыз",- деп айтты Мискенбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан