Өмүрбек Текебаев: "Кыргыз Республикасы өз тагдырын өзү чеччү эркин жана демократиялык мамлекет экенин тастыктады"

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 30-декабрда мамлекетибиздин жарандарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Мына, 2015-жыл да аяктап, бир нече көз ирмемден кийин 2016-жыл кирип келет. Үстүбүздөгү жыл өлкөбүздүн өнүгүшүндөгү маанилүү тарыхый жыл болуп калды. 2015-жылдын 4-октябрындагы шайлоодо элибиз өнүгүүнүн тарыхый жолун тандап алды жана мамлекетти, коомду башкаруунун парламенттик формасынын туура экенин бекемдеди. Учурдагы дүйнөлүк каатчылыктарга карабастан, элибиз жогорку жоопкерчилик жана терең түшүнүү менен мамлекетибиздин жана калкыбыздын келечеги үчүн өз тандоосун жасады деп ишенимдүү айтууга болот.

2015-жылды аяктап жатып, калкыбыз негизги жана маанилүү максатка жетишти, Кыргыз Республикасы бүгүн өзүнүн тагдырын жана келечегин өзү чече алган туруктуу, эркин жана демократиялык мамлекет экенин дагы бир жолу тастыктады.

Аяктап бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, чынчылдык, акыйкаттык, ар-намысты туу туткан биздин жалпы идеяларыбызды түшүнүп, колдогону үчүн жалпы элибизге ыраазычылык билдиргим келет.

2016-жылда ар бир кыргызстандыктын тагдырына мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүү менен алдыга коюлган максаттарды жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча жигердүү ишибизди улантабыз. Биз мыйзамдын үстөмдүгү, демократиялык коомго социалдык багыт берүүчү өнүгүүнүн бекем негизи болгон теңдик жана акыйкаттык үчүн күрөшөбүз. Жаңы жылда экономикалык өнүгүүнүн, социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн, аймактарды динамикалык өнүктүрүүнүн негизинде калктын жашоо-турмушун сапаттуу жакшыртуу багытында көптөгөн иштерди аткарууну максат кылып жатабыз. Биз эң чечкиндүү жана масштабдуу пландарды ишке ашырууга милдеттүүбүз. Ар бирибиздин канчалык үзүрлүү, чыгармачыл жана жемиштүү иштегенибизден биздин өлкөнүн өнүгүшү жана ар бир кыргызстандыктын жыргалчылыгы көз каранды.

Урматтуу мекендештер!

Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен! Жаңы жыл ар бир үй-бүлөгө жетишкендиктерди, тынчтык жана ынтымак алып келсин, баарыңыздарга ден соолук жана бакыт-таалай каалайм. 2016-жылыбыз жаңы ийгиликтер ишке ашкан, үмүт-тилектерибиз кабыл болгон жылдардан болсун.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Polat
2015-12-30 16:52:27
Ырахмат Омурбек Чиркешович! Биз дайыма "Ата Мекен" социалисттик партиясын акыйкат, тенчилик учун курошуп келатканы учун колдоп келебиз. Партиянын туруктуу платформасынан жазбай келатканы бизге жагат. Айрыкча тигил же бул маселелерди которуудо партиянын лидери кошоруп турганы мага абдан жагат. Ошентип олтуруп Текебаев жана анын санаалаштары саясий системаны озгортууго жетишип келишет.
Омурбек Чиркешович озунузду да жаны жылыныз менен куттуктайбыз. Эл учун аман болунуз.
-10
BiTiSHKa
2015-12-30 17:20:18
"Ата Мекен" социалисттик партиясы атына, заты жарашкан иштиктуу партия катары элге таанылып келет.Партиянын багыты тунук экендигин эл билген учун колдоп жатышканы бизди кубантты. Партия чынында карапайым калктын партиясы экендигин далилдеп келет. Карапайым калкка эмне керек болсо, партия ошол багытта иш алып барат. Мамоекеттин негизин эл тузот, демек мамлекет, анын кен байлыктары эл учун гана кызмат кылыш керек, Текебаев безилдеп ошол багытта гана айгай салып келет, бул жакшы корунуш.
-12
Almake
2015-12-30 17:53:07
Омурбек укам, биз айылда жашайбыз. Жаны жылын менен биз дагы куттуктайбыз. Эч ооруба укам. Биз жаны жыл алдында сага томонкудой сунуш киргизет элек: олкодо 400дон ашык айыл окмоту бар, ошолордун ар бирине 2ден комбайын сатып алуу жагын окмотко коюп, чечип берчи укам, эгер ар бир айылда бирден жаны комбайын болсо, дыйкандарга алда канча жакшы болмок, ишине ийгиликтерди гана каалайбыз, Кайырма ,Колоттуктар
-9
islamchik
2015-12-30 18:08:11
Almake, укам дейби Текебаев канча жашта озу ?? ошондо сиз канча жашта болуп каласыз)))
+2
Almake
2015-12-31 09:55:03
islamchik,жаш болсо укаси болот да, анын эмнеси бар, ушул да сурообу
-3
behappy74
2016-01-02 22:09:16
islamchik, Текебаевтен кичуу киши жок деп ойлоп журун беле кызык окшойсун ыя
+1
Mongol1155
2015-12-30 18:46:40
22 жылдан бери чиновниктер менен депутаттар иштегендин ордуна "красиво" суйлогонду жана убада бергенди уйронушту окшойт.
+15
tynkatar03
2015-12-30 20:51:40
Туугандар кошоматчылыктын да чеги болот. Ата мекен деле башка партиялар сыяктуу соз менен гана жайлап келе жатат. Мен лично бир да партияны колдобойм.
+7
Almake
2015-12-31 09:58:01
tynkatar03,убадан аткарган жалгыз партия азырынча атамекен гана.
-6
Manaskg.1
2015-12-31 01:28:02
Сууга тушуп суудан курук чыгат эч нерсе дегим жок. Иштесенер болду элди алдабай.
+4
kgkegir
2015-12-31 14:12:50
рахмат Өмурбек Чиркешович! сиздин да каалоо тилектер ишке ашсын! Жаны жылынар менен!
-4
basyz-kaman.
2015-12-31 15:11:02
Ата-Мекен Алга!!!
-2
basyz-kaman.
2015-12-31 15:12:31
Жакшы созду кабыл албагандар Жаны-Жылынар менен!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан