Балдарды коргоо жаатында социалдык реформаларды ишке ашырууну жакшыртууга багытталган ратификациялык мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган “Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Аталган программанын концепциясы социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын, калктын аярлуу катмарына социалдык жардам көрсөтүүнү, атап айтканда, балдар үчүн жана балдарга көмөк көрсөтүүнүн натыйжалуулугун, балдарды коргоо жаатында социалдык реформаларды ишке ашырууну, өлкөнүн бюджетин колдоону, жарды адамдар үчүн социалдык жардамдын күчөтүлүүсүн жакшыртууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан