Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 3-февралда өткөн жыйынында бийик тоолуу шартта жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга мамлекеттик кепилдиктер менен компенсациялар боюнча өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Коалициялык көпчүлүктүн башчысы Чыныбай Турсунбеков бул жыйындын негизги максаты депутаттар өткөн аптада өлкө аймагында шайлоочулар менен иштешип, калк турмушу менен жеринде таанышып келгендиктен, өздөрүн кызыктырган орчундуу маселелерге карата өкмөт өкүлдөрүнөн тиешелүү жоопторду алуу экенин баса белгиледи.
Премьер-министр өлкө аймагынын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу шартта жайгашканын билдирди. "Кыргыз Республикасындагы 1870 калктуу конуштун ичинен 789 айылдын тургундарынын эмгек акысы менен социалдык төлөмдөрүнө бийик тоолуу жана алыскы аймакта жашаганы үчүн кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү белгиленген. Ал 2012-жылдан тарта өкмөт тарабынан аныкталууда. Ал эми айылдардын тезмеги илимий изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыгууга тийиш. Мындай төлөмдөрдүн жалпы өлчөмү 2 миллиард сомго жакын. Каржы каатчылыгынын маалында көп көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетпей турат",- дейт ал.
Жолугушуу учурунда калктын аярлуу катмарынын социалдык төлөмдөрү менен пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүү жана бул багытта социалдык калыстыкты калыбына келтирүү, Токтогул ГЭСиндеги жана электр көмөк чордондорундагы техникалык авариялардын кесепеттерин жоюу, табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандарга жардам берүү, дыйкандар менен фермерлерге көмөк көрсөтүү, жер тилкелерин которуу, калкты жумуш менен камсыз кылуу, эмгек мигранттарына укуктук жактан жардам берүү сындуу орчундуу маселелер козголду.
Андан сырткары мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип иш алып барып, элет жергесинде орун алган көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурууга тийиш экени айтылды.
Премьер-министр бир катар жетишкендиктер менен бирге айрым кемчиликтер да кетирилип жатканын моюнга алды. Ал айтылган пикирлерди эске алып, кетирилген кемчиликтерди жоюу багытында иш жүргүзүлүп, мамлекеттик органдарга тапшырмалар бериле турганын билдирди.