Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 8-февралда "Социалдык фонддун 2016-жылга бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карады.
Долбоордун алкагында мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каржылык ресурстарын биринчи иретте калктын аярлуу катмарына ипотекалык насыя берүү системине багыттоо жагы сунушталууда. Өкмөттүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын каржылоо үчүн узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу пландалып, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарын бөлүп берүү демилгеленүүдө.
Кыргыз Республикасында жарандарды турак жай менен камсыздоо постсоветтик өлкөлөрдүн арасында эң төмөн бойдон калып жатканы маалымдалды. Кыргыз Республикасынын бир жаранына 12 чарчы метр турак жай туура келсе, бул көрсөткүч Казакстанда 18 чарчы метрди түзөт. Украинада 24 чарчы метр деп эсептелсе, Орусияда 28 чарчы метрге барабар.
Жыйынтыгында документти кылдат карап чыгууга туура келгендиктен, өкмөткө дагы бир апталык убакыт берүү чечими кабыл алынды.