Парламентте 17-февралда “Социалдык фонддун 2016-жылкы бюджети жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.
Долбоордо мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каржылык ресурстарын калктын аярлуу катмарына ипотекалык насыя берүү системине колдонуу сунушталууда. Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, пенсиялардын топтомо бөлүгүндөгү акча баалуу кагаздарды сатып алууга жумшалат. "Кийин ал кайра ордуна тургузула турган каражат. Мындай шарттын азыркы учурда берилип жаткан пенсияларды таркатуу ишине эч кандай кедергиси тийбейт",- дейт Абылгазиев.
Талкууда депутаттар пенсионерлердин топтолуп жаткан акчасына кол салуу туура эместигин билдиришти. Мамлекеттик ипотекалык программа жакшы экенин, бирок аны каржылоо үчүн пенсиялардан эмес, башка каржы булактарын издөө зарылдыгын айтышты.