Екатеринбургда жансыз абалда табылган 13 жашар Канат кызы Айганыштын сөөгү бир-эки күн аралыгында кыргыз жерине алынып келинет

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы темир жол аймагынан жансыз абалда табылган 13 жашар Канат кызы Айганыштын сөөгү бир-эки күн аралыгында кыргыз жерине алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

"Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында өспүрүм кыздын сөөгү “Жүк 200” менен бүгүн же эртең жөнөтүлөрү күтүлүүдө", - деди Сүйөркулов.

Эске салсак, жоголгон кызды издөөдө бардык тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "жашы жете электи өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Айганышты 23 жаштагы кошуна эжеси кыргыз жеринен Орусияга 2015-жылдын май айында алып кеткен. Атасы абакта болгондуктан, Айганыш апасына жардамдашуу үчүн Орусиядан айына 4 миң рублдан акча салып турганы маалым.

Өспүрүм кыз үстүбүздөгү жылдын 4-январында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, анын жансыз денеси 3-апрель күнү кечинде гараждардын жанынан табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Magusi
2016-04-06 21:01:54
Ваай журогум тилинип кеттиго Тобооо.Эми эч Ким жооп бербей калабы бул учун?
Жаткан жерин жайлуу болсун Кудайым мандайына аз омур жазган тура байкуш десе.Тетиги жезделерин бир аз кысмака алыш керек ,эмнеге жон калтырат аларды.
4000 мин руб кырчындай омур кыйылды..
Талаада калгыла башына келмейинче билбейтда эшектер.Бул дуйнодо эч качан энеге баланын жаманчылыгын корсото корбосун Кудааай.
+1
kgz.
2016-04-06 21:06:37
Айганыш жаткан жерин жайлуу болсун Аллахым сени оз мэримине алсын суйуктуу пайгамбарыбыз (С А В) менен кошо тирилтсин кыяматта. корбой туруп доомат кое бергенжа туура эмес туугандар ким куноолу болсо Аллахым куноолорун кечирсин. Пендебиз адашабыз кыяматта жооп берет албетте. Оо Аллахым элибизге ыйман бер!!!
+5
chalmagrad
2016-04-06 22:37:14
Жаман иш болуптур,ото эле жаш бойдон кетиптир,жаткан жери жайлуу болсун.
+1
Biinura
2016-04-06 23:19:13
Ар бир жасалган иштин жообу болот. Кандай болуп олгону бир Аллахка белгилуу. Кыныр иш кырк жылда дешчу азыр бат эле билинип калат. Алып кеткен кишилерди жакшылап суралып, текшерилишин каалайт элем.
+1
aydarov...
2016-04-06 23:25:11
Эхххххх андан башка эс нерсе дей албайм боорум ооруйт
+1
Nasi1981
2016-04-06 23:37:32
Ой шордуу периште, бала болуп балалыктын доорун сурбой, турмуш дегендин азабы башына тушкон экен байкушум. Журогум эзилип кетти. Бул турмуштун жыргалын корбосондо, наркы дуйнонун бейиш бакчасында жур, андан башка айтаар, кандай аргабыз бар. Апасына Кудайым сабыр берсин. Эч бир ата энеге баланын куйутун салба Аллахым.
+1
Asyl19.09.90
2016-04-06 23:37:57
Бишкекте мен бала бактырып он минден берер болчум.бироонун баласы капа болуп калбасын деп козун карачумун.ал бул бала бактырган келин эне емес эле ХХХ екен.Аллах жазаларын берсин алардын.Айганышка Аллахым Бейиштен орун берген болсун.
0
admin_portal
2016-04-07 10:30:50
Asyl19.09.90, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
nurik-jami
2016-04-07 00:10:59
АЛЛАХЫМ жаткан жерин жайлуу кылсын. Ушул кызды ойлосом журогум озунчо бир зырп этет. Алып кеткен эжесин АЛЛАХЫМ озу жазаласын.
+1
Asel78
2016-04-07 00:11:40
Жансыз денеси суукта тонуп жатканын элестетип ыйлагым келди . Бала да кефир ичкиси келип уурдап алгандыр балалык оюнда уйдогулор билип калса урушат деп заарканып коркуп барбай эч кимге корунбой гараждардын арасына бекинип алгандыр. Тоюп тойбой жашап бала карап кулчулукта жургон учун кефир уурдаган. Бул менин жеке оюм. Жайы жаннаттан болсун наристе кыздын. Бала бактыргандар мыйзам алдында жооп берсин !
+2
ARTUR83
2016-04-07 00:37:31
Алыпбарып иштеткен адамдар жооп бериш керек ошолордун шалакылыгынан Айганыш ушундай болду.озунун кызы болгонда мындай болмок эмес.
+1
Gulinaza
2016-04-07 01:19:17
Жайы жаннаттан болсун
+1
naki_83
2016-04-07 01:26:41
Он гулундун бири ачыла элек чырактай болгон Айганыш,Аллахым сага бейиштен орун берсин! Апанды,таененди,бир туугандарынды корбой, сагынган бойдон,жалгыз тонуп калганын жанды кейитет.Калган жашынды бир туугандарына берсин!
+1
naki_83
2016-04-07 01:30:47
Кышында кечки саат тогузда оспурум кызды коркпой сутко жоноткон кандай журогу жок адамдар? Балдарын мектепке,камокко барып келгенче жуз жалып,тызылдап кетесин.Бироонун баласын аманат кылып алып кеткенден кийин,жоопкерчиликтуу болбойбу?
+1
begai93
2016-04-07 04:54:28
Байкуш кыз ((( арман дуйно! Жаткан жерин жайлуу болсун! бул жалган дуйнодо корбогон жакшылык, мээримди, бактылуу балалыктын баа жеткис кундорун Аллахым сага чыныгы дуйнодо тартууласын! Байкуш кыз аябай боорум ооруп турат ((( алып кеткен кошунасына мин наалат!алып кетип алып кун бербей кулдай коргонго чамасы! Уй булоосунун жакырлыгынан пайдаланыптыр!Айганыштын убалы уктатпасын силерди!
+1
take04
2016-04-07 06:14:33
Эх жашоо...кандай окунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан