Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын тургуну "атасын бычактап өлтүрдү" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 11:30 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган айылдагы үйлөрдүн биринде ызы-чуу чыгып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке тиешелүү кызматкерлер барып, окуя болгон жерден карыянын жансыз денесин табышкан. Аталган фактыга шектүү катары 39 жаштагы Руслан аттуу маркумдун баласы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.