Түркия, Кытай, Дубай жана Эстония мамлекеттерине 5 миллиард сомдон ашуун акча каражатынын мыйзамсыз түрдө чыгарылышы боюнча кылмыш иши козголду

Кыргыз өлкөсүнөн 5 миллиард сомдон ашуун акча каражатынын мыйзамсыз түрдө чет мамлекеттерге чыгарылышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2014-жылдын июль айынан декабрь айына чейин М.К. аттуу жеке ишкерге тийиштүү болгон "РП", "ТТВ" жана "Б-Ба" аттуу ЖЧКлар 5 миллиард 641 380 000 сом акча каражатын коммерциялык банктар аркылуу Түркия, Дубай, Кытай, Эстония мамлекеттерине жөнөтүшкөн. Бирок Салык инспекциясына аталган ЖЧКлар эч бир киреше түшпөй жатканы боюнча отчёт тапшырышып, тийиштүү салыктарын төлөшкөн эмес.

Бул иш боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, ЖЧКларда көрсөтүлгөн юридикалык даректерде жогоруда аталган ЖЧКлар жайгашпаганы белгилүү болгон. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу”, “жалган ээлик кылуучулук” жана “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
esenin
2016-04-07 18:28:31
Акаев бакиев атамбаевтердин самандары кетип атат И дале кете берет окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан