Екатеринбург шаарындагы темир жол аймагынан жансыз абалда табылган 13 жашар Канат кызы Айганыштын сөөгү өзү туулган Мырзаке айылында жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн сөөгү “Жүк 200” менен түнкү саат 01:00 чамасында Екатеринбург-Ош каттамы менен жиберилип, ал 04:40та аэропортко конгон. Бүгүн саат 12:00 чамасында маркум жерге берилди. Айганыштын сөөгүн аны Екатеринбургга алып кеткен кошуна эжеси жана күйөөсү коштоп келгени маалым болду.
Эске салсак, жоголгон кызды издөөдө бардык тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "жашы жете электи өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Айганышты 23 жаштагы кошуна эжеси кыргыз жеринен Орусияга 2015-жылдын май айында алып кеткен. Атасы абакта болгондуктан, Айганыш апасына жардамдашуу үчүн Орусиядан айына 4 миң рублдан акча салып турган.
Өспүрүм кыз үстүбүздөгү жылдын 4-январында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, анын жансыз денеси 3-апрель күнү кечинде гараждардын жанынан табылган.