13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жарандын жакындары кызга ири суммадагы акча каражатын сунушташкан

Талас облусунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жарандын жакындары кызга ири суммадагы акча каражатын сунушташканын жабырланган кыздын эжеси Рахима Айкымбаева 8-апрелде өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Бирок кыздын туугандары сунушталган акчаны албай коюшкан.

“Зордуктоого айыпталган 32 жаштагы Эрлан Дөлөновдун бир туугандары бизге 14 миң доллар сунушташкан. Бирок биз ал акчаны албай койгондон кийин алар акчаны Бакай-Ата райондук соту Ташкараевага сунушташса керек”,- деп айтты жабыр тарткан кыздын эжеси.

Соттук ишти биринчи Бакай-Ата райондук соту карап, алар айыпталуучуну үй камагына бошотуп жиберишкен. Буга нааразы болгон тарап облустук сотко кайрылган. Талас облустук соту да райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Кыздын жакындары бул иш боюнча акыйкат чечимди Жогорку Сот чыгарат деген үмүттө турушат.

Айыпталып жаткан Эрландын үй-бүлөсү, эки кыз, бир уулу бар экендиги жана ал жабыр тарткан кызга карата зордук-зомбулук аракеттерин 2011-жылдан бери кылып жүргөнү белгилүү болгон. Ошондой эле жабыр тарткан Эрландын тууганы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
edik.toloikon
2016-04-08 12:16:02
озун жон журбосон керек да
-21
nurchik05
2016-04-08 12:22:52
edik.toloikon,озу жон журбосо да жашы жете элек кыз менен жатпаш керек зордуктабасан да статья бар
+8
taoni
2016-04-08 19:20:42
11 жаштагы кызды зордуктап анан жон журсо болмок деп койсо да болобу???? Сага окшогондордун айынан жыргап уй камагына чыгып кетти да...
+7
Aizek02
2016-04-08 23:13:29
edik.toloikon,сиз дагы ошо Эрланга окшоп законду билбеген "неме" окшойсуз 11 жащтагы кыз жон журбой деп же корот элем сиздин карындашыныз ушундай макоолорго туш болсо
0
djigit90
2016-04-08 12:20:52
эрландын канынан жаралган кызыны да ушундай кылып кордосо анан билет, бироонун кызын зордогонду.
+17
taoni
2016-04-08 19:22:13
djigit90,озунун канынан жаралган кызын кордосо деле мээсине жетпейт го...ошол кызды зордуктап атканда озунун кызы оюна келбеген...
0
Beka.kaba
2016-04-08 14:18:29
соттор ХХХ болушту.кимдин акчасы коп болсо ошого ХХХ ХХХ ХХХ. Уй камагына чыгарып ийишет.ушундайларды укканда куйбогон жерин куйуп кетет да
0
admin_portal
2016-04-08 14:35:30
Beka.kaba, мазактоодон алыс болуңуз!
-1
Gulinaza
2016-04-08 14:22:17
Кудай озун сакта эмне деген эле заман болуп баратат
0
Rifle_3
2016-04-08 16:05:02
Кыздын акелери ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2016-04-11 16:43:31
Rifle_3, провокацияга жол жок! 3 күн БАН!
0
Magusi
2016-04-08 17:39:02
Вааай не деген Заман.Деле бир суйуноорлук жанылык укпайсынгоо
0
adisum
2016-04-08 17:58:38
Magusi,супер кг ни эле эмес, башка сайттарды да карап окуш керек. Ошондо жакшы кабар бар экенин коросун. Айлананды кара. Тынчтык барбы олкодо?, бул жакшы кабар. Бала чака аманбы?, бул жакшы кабар. 6 миллиондун ичинен анча мынча чыгат. Аларды жазалайт тийиштуу орган. Бирок, заманга шылтоо кылуу болбой турган иш.
+1
arzygulR
2016-04-08 22:56:29
Magusi,
Заман жакшы онугу бар.Просто Адамдар
дын пейли бузулду заманга шылтолоп
0
e.k.b.mara
2016-04-10 02:41:42
Акчага сатылбагандардын саны кобойо берсин.. Куноолуу адам жазасын алсын.
0
tipgul
2016-04-10 15:46:14
ООй Рахиманы атасы Айкымбайды апасы Салкынды булардын уйбулосун жакшы билебиз бут айыл билет буларды.ХХХ ХХХ ХХХ Рахиманын бул жерде бирда созу чын эмес кудайдан да коркпой эле калптын баарын ышкыртып ататко.Айгерим деле ХХХ ХХХ кыз бул жерде тууганын коро албай кыздын мамасы эмне дээрин билбей жаман атты кылып.Айылдан качып кетиштиго калптары билинип айылдан бул бала эле эмес коп кишилерге жалган жалаалар ды айтып мен ошол айылданмын
0
admin_portal
2016-04-11 16:46:12
tipgul, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
+1
mira84_kg.com
2016-11-10 19:24:28
Тооба кылдым.неле болуп атат ОЗУ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан