Бишкек шаарындагы Чүй - Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде чет өлкөлүк ишкерге ок чыгарган адам кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда кылмышка шектүүнү издөө иштери улантылууда. Азырынча издөө иштеринен натыйжа боло элек.
Эскерте кетсек, 9-апрель күнү белгисиз адам Чүй - Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен 55 жаштагы Александар Г. аттуу орусиялык ишкер кеңседен чыгып, унаасына отурарда ага карата ок чыгарып, изин жашырып кеткен. Ок таамай тийбей, жабырлануучу жеңил жаракат алган.