Чыныбай Турсунбеков ишкерлер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын баш аламан текшерүүнү токтотууга саясий эрк жете турганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков ишкерлер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын баш аламан текшерүүнү токтотууга саясий эрк жете турганын Ош облусунун активи жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууда айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Төрага алар менен аймактын экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, аймактагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жаатында пикир алышты.

Турсунбеков акыркы мезгилде жер титирөө, жер көчкү, сел жүрүү сыяктуу табигый кырсыктар көп болуп жатканын, калктын аярлуу катмарынын арасында көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлөр бар экенин, депутаттар да ага жалпы коомчулуктун көңүлүн буруп жатканын белгиледи. "Жогорку Кеңеш аткаруу бийлиги менен биргелешип иш алып барып, ыкчам жана иштиктүү чараларды көрүү аракеттери жүрүүдө", - деди Чыныбай Турсунбеков.

Андан сырткары төрага жакында эле Коргоо кеңешинин жыйыны өтүп, укук коргоо органдарынын иш натыйжалуулугун арттыруу, коррупциялык аракеттерди жоюу максатында иштиктүү кайра курумдарды жүргүзүү чечими кабыл алынганын билдирди. "Акыркы мезгилде укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери, ишкерлер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүргүзүлгөн баш аламан текшерүүлөр боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Мына ушундай жагымсыз жагдайга чек коюуну чечтик. Буюрса, сиздердин ишенимиңиздерге таянуу менен аны жүзөгө ашырууга саясий эрк жетет", - деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомчулук өкүлдөрү тарабынан ички жана тышкы миграция маселелерин жөнгө салуу, курулушу башталып калган социалдык объектилерди аягына чыгаруу, табигый кырсыктардын кесепетин жоюу, дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыз кылуу, калктын аярлуу катмарына камкордук көрүүнү жакшыртуу, пенсия менен жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү сыяктуу бир катар талылуу маселелер көтөрүлдү.

Иш-чара соңунда төрага көтөрүлгөн маселелердин көпчүлүк бөлүгү боюнча чаралар көрүлүп жатканын, ал эми айрым маселелерди чечүү жаатында мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерине тапшырма бериле турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан