Мамлекеттик салык кызматы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда салык мыйзамдарын кандайдыр бир бузуулар жоктугун тастыктады

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөргө көзөмөл боюнча башкармалыгы (МСИнин ИСТКБсы) "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому тарабынан 2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде салык мыйзамдарын сактоосу боюнча кезектеги пландуу көчмө текшерүүсүн аяктады. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыктарынан улам чечимдерди, даттанууларды жана айрым маселелерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипти жана убакытты эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде салык мыйзамдарын кандайдыр бир бузуулар аныкталган жок.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөргө көзөмөл боюнча башкармалыгы (МСИнин ИСТКБсы) - "Кумтөр Голд Компани" ишканасы менен салыктык укук мамилелерин толук администрациялоочу салык органы. "Кумтөр Голд Компани" - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан ратификацияланган "Кумтөр" боюнча жаңы шарттар жөнүндө 2009-жылдын 24-апрелиндеги макулдашуунун жана макулдашуу менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү жана салыктарды, милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн концессиялык ишкана жана ири салык төлөөчү.

"Кумтөр Голд Компани" жөнүндө маалымат корпоративдик сайтта жеткиликтүү: www.kumtor.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Frunze74
2016-08-05 19:07:44
Карга карганын козун чокубайт да, алчу "долясын " алышты да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан