"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоонун алдында тандем түзөт" деген кептер акыркы күндөрдө интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда. Буга байланыштуу Өмүрбек Текебаев 23-августта SUPER.KG'ге: “Алмазбек Атамбаевдин референдумга камдануусу анын саясий аренадан кете турган мөөнөтү келгенин көрсөтүп жатат. Мындан улам эл “Эми президент ким болот? Бийликке кандай саясий күчтөр келиши мүмкүн?” деген суроого божомолдорду айтууда. "Бабанов менен Текебаев биригет" деген сөздү ушул сыяктуу божомолдордун бири деп билем”, - деп жооп кылды.