Бишкекте табыпчылык менен алектенген Хашим Зайналиевдин үстүнөн дагы бир арыз түштү

Бишкекте табыпчылык менен алектенген Хашим Зайналиевдин үстүнөн дагы бир арыз түштү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кабылдамасынан билдиришти.

"Арыздануучу бизге телефон аркылуу байланышып, Көк-Жарда туура эмес медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айткан. Анын аты-жөнүн айта албайбыз", - деди кабылдаманын адиси.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын "Жарандардын саламаттыгын коргоо" тууралуу мыйзамынын 15-беренесинде "табыпчылык менен алектенүүгө медицина тармагында жана табыпчылыкта атайын даярдыктан өтүп, диплом менен лицензияга ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары укуктуу" деп көрсөтүлгөн. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин табыптарга бир да лицензия беришпегенин билдирген.

Лицензиясы жана билими жок Хашим Зайналиев буга чейин 56 жаштагы тургунду мыйзамсыз дарылап, ал каза болгон. Мындан улам ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарыгерлик кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tattusha
2016-10-27 13:24:19
бул кайсы Кок-Жардан ары Кара-Жыгач (Алатоо) айылындагы табып кишиби? Менин группадашым баласын дарылатып жаткан эле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан