Депутаттардын "Кетсин!" деген сөздү камтыган WhatsApp жазышуулары интернетке тарады (фото)

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаттарынын WhatsApp аркылуу жазышуулары интернетке тарап, кызуу талкууланууда. Анда Эльвира Сурабалдиева менен Евгения Строкова референдумдан кийин "Бир бол" фракциясынан кесиптеши Чолпон Жакупованын мандатын тапшырарына сүйүнүп жатышат.

"Референдум өтөт. Жогору жакта отурган аял менен коштошуу мен үчүн өкүнүчтүү эмес. "Эгер референдум өтсө, мандатымды тапшырам" деп убадалаган. Эми сөзүнө турсун. Кыскасы, кетсин!" - деп жазат WhatsApp топто Сурабалдиева. "Аял айттыбы, аял кылсын. Аны менен салтанаттуу түрдө коштошууну уюштуруп берели", - деп жооп берди Строкова.

КСДПдагы өздүк булактар SUPER.KG порталына мындай WhatsApp жазышуу чындыгында болгонун тастыкташты.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова: "Эгерде Конституция өзгөртүлсө, айткан сөзүмө турам. Эч ойлонбостон мандатымды тапшырам", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан