КҮНСЕРЕП: Бекер автобус, 7 мүнөттө келчү "Тез жардам"... Эл убадалардын аткарылышын күтөт

Бүгүн, 16-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек шаарында коомдук унааларда жол кире төлөө автоматташтырылат. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыкановдун билдиришинче, транспорттук карталар чыгарылып, ага жүргүнчүлөр телефонго бирдик жүктөгөндөй эле каражат салып жол кире төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Төлөмдү кабыл алууга коомдук унааларга валидатор коюлат. Ошондой эле коомдук транспорттордо “Абайлагыла, эшик ачылат!” деген сыяктуу автоматтык түрдө коопсуздук эрежелерин эскерткен кулактандыруулар жарыялана баштайт. Ар бир токтогон аялдаманын дарегин айтып, тааныштырып турган норма киргизилет.

Бул кабар шаардыктарды сүйүнттү. Арасында долбоордун ишке ашарынан күмөн санагандар дагы бар, анткени жүргүнчү тейлөөнү жакшыртуу боюнча айтылган эски убадалар аткарыла элек. Темир Сариев өкмөттү жетектеп турганда Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү кичи автобустардан арылып, коомдук унаалар газ менен жүрүүгө өткөрүлө турганы айтылган. Сариев коомдук унаалар боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу кечеңдеп жатканын 2016-жылдын январында Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында айтып, ишти жандантуу тапшырмасын берген. Бишкектеги таксилерди бирдей түскө өткөрүү ишин бүтүрүүнү да тапшырган эле. Аткарылган жок. Бишкекте коомдук унаалардын техникалык, санитардык абалы, каттамдары, айдоочулардын жарандарга, өз ишине мамилеси баягы эле бойдон. Адатта Кыргыз мамлекетинде жакшы идеялардын көпчүлүгү тендер чуусунан улам үзгүлтүккө учурайт. "Коопсуз шаар", Бишкек-Кара-Балта трассасын жаңылап куруу долбоорлорун мисал кылууга мүмкүн. Бул ирет тендерге чиновниктердин кийлигишүүсү, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын алдыга сүрөө аракети болбосо, жаңычылдыкты бишкектиктер 2-3 жылдын ичинде көрүп калышы мүмкүн.

Коомдук унаалар жөнүндө сөз кылууда жакында Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо талапкер партиялар тарабынан айтылган убадаларды атабай кетүү мүмкүн эмес. Жарышка түшкөн партиялар борбор шаарда унаа кыймылын иретке салууну, унаа тыгындарын жоюп, жүргүнчүлөрдү бекер ташый турган автобустарды ишке киргизүүнү убада кылышты. Мындай убаданы бергендер шайлоодо жеңишке жетишти, эми ал иштер жүзөгө ашуусу керек. "Кыргызстан" партиясы Бишкек мэриясынын автопаркына 500 заманбап троллейбус жана автобус сатылып алынарын, коомдук унааларда жүрүү бекер болорун айткан. Партиянын талапкери Таалайбек Сагынов долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган Бельгия, Эстония өлкөлөрүн мисал келтирди. Бишкекти Европанын өнүккөн шаарлары менен салыштыруу кыйын. Мисалы, Бишкектин жылдык бюджети 8,4 миллиард сом (2016-жылга карата), ал эми Эстониянын борбору Таллин шаарынын быйылкы бюджети 595 миллион 850 595 евро же 44 миллиард сом. Таллинде транспорттук реформа 3 жыл мурун жасалып, жарандар коомдук унаада бекер жүрүүгө өтүшкөн. "Кыргызстан" партиясы бул программаны Бишкектин кирешесин көбөйтүүнүн эсебинен ишке ашырарын айтып элди ишендирген. "Эсептөөлөр көрсөттү, коомдук унаада жүрүүнү акысыз кылуу колдон келчү иш" деген сөздүн өтөсүнө чыгуучу кез келди.

11-декабрдагы шайлоодо КСДП шаарды "акылдуу" жол чырактар менен жабдып, тыгындарды азайтуу максатында асма жолдорду курууну убадалады. Бул иштерди жасоого КСДПда мурда деле мүмкүнчүлүк болгон, бирок жасалган жок. Партия 2012-жылы дагы Бишкек шаардык кеңешине ат салышууда асма жолдор куруларын айткан. Шайлоодо жеңип, 21 депутаты менен 4 жыл Бишкек шаардык кеңешин, Бишкек шаарын башкарды. КСДП 2012-жылы борбор шаардын бюджетин 2 эсе көбөйтүүнү да убадалаган. 4 жыл мурун шаардын бюджети 6,3 миллиард сом болсо, быйыл 8,4 миллиард сомду түздү. Партия алдыдагы 4 жылда Бишкек шаардык кеңешинде болот, жарандарда үзүлбөгөн үмүт дагы эле бар экенин жакындагы шайлоо көрсөттү. "Республика-Ата Журт" партиясы "Тез жардам" кызматы чакырууга 7 мүнөттө жетип келе турган кылууну убадалап Бишкек шаардык кеңешине өттү. 7 мүнөттө жетүү үчүн Бишкектин унаа тыгындарын жоюу керек, ансыз элестетүү кыйын. Бул партия дагы 2012-2016-жылдары Бишкек шаардык кеңешинде отурду. Мурунку шайлоодо берген Бишкекти коррупциялашкан МАИ кызматкеринен тазалоо убадасы аткарыла элек. Шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукту азайтуу үчүн көчөлөрдү видеокамералар менен жабдуу убадасы дагы. Калган 2 партия шаардык кеңешке биринчи жолу өттү. Шайлоодо утулган Кыргызстан коммунисттер партиясы Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. Жүйө катары шайлоого көптөр катыша албай калганы, улгайган адамдардын көбүнүн манжа издерин аппарат көрбөй койгондуктан, добуш берүүгө катыша албай калганы айтылып жатат. Буга чейин "Аалам" партиясы да шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган эле, бирок жыйынтык чыга элек. 4 жыл бат эле өтөт, Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар шаарга өзгөртүү киргизе алышабы же убадалар топтому кол тийбеген бойдон 2020-жылга жетип барабы, шайлоочулар байкап, кийинки тандоону ушуга жараша кылуусу керек...

Кыргызстандыктар дагы 2 ай сасык тумоо менен алышат. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында сасык тумоо эпидемиясы 2017-жылдын февралына барып басаңдаарын айтты. Министр Бишкек, Ош шаарларында, Чүй облусунда ооруга байланышкан кырдаал турукташканы менен, Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында ооруга чалдыккандардын саны өсүп жатканын белгиледи. Министрлик буга чейин жарандарды төшөккө жыгып жаткан оору сасык тумоонун жаңы түрү экенин, ага каршы жарандарда иммунитет калыптана электигин билдирген эле. Жарандарда эки жол турат: организмди жетиштүү өлчөмдө керектүү витаминдер менен камсыздап оорунун алдын алуу же ооруп калгандан кийин дарыканалардын соодасын кызытып, дарынын күчү менен ооруну жеңүү. Элде дары-дармектердин баасынын кымбаттыгы, сапаты боюнча нааразычылык күч. Дарыларды көчөдө, санитардык талапка жооп бербеген жайларда сатуу көрүнүшү токтой элек. Жакында Жогорку Кеңеште депутаттык жумушчу топ өлкөгө кирген дары-дармектин 70 пайызы экспертизадан өтпөй турганын аныктаган. Бул - жарандар дары колдонууда өмүрүн тобокелге салып жатат дегендик. 15-декабрда Башкы прокуратура Дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Сунушта департаменттин директору Рустам Курмановдун мындан ары кызматта турушун кароо, департаменттин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин коррупцияга аралашкан кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралуу айтылган. Расмий маалыматтарга таянсак, 2016-жылы департаментке коррупция боюнча 10 кылмыш иши ачылып, мекеменин мамлекетке тийгизген зыяны 22 миллион 327 миң сом деп бааланган. Бул 6 миллион жарандын саламаттыгы, өмүрү көз каранды болгон дары-дармек тармагынын коррупциялашып кеткенинин белгиси...

Евразиялык экономикалык биримдик Кыргыз Республикасына автоунаалардын эски дөңгөлөктөрүн алып кирүүгө жана сатууга тыюу салат. Бирок азыркы учурда жарандардын жашоо шартын эске алып, эски дөңгөлөктөрдү өлкөгө киргизүүгө жана сатууга уруксат бере турган атайын токтом даярдалып жатыптыр. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев билдирди.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги бир ирет колдонулган дөңгөлөктөрдү сатууга лицензия берип келсе, 2015-жылы өлкө ЕАЭБге киргенден кийин лицензия берүү токтотулган. Аталган агенттик тарабынан эски дөңгөлөктү сатууга уруксат берүүчү токтом долбоору даярдалып, учурда тийиштүү органдар менен макулдашылып жатканы айтылды. Кыргыз Республикасында орточо айлык расмий түрдө 200 доллар болсо, коңшу Казакстанда 426 доллар, Орусияда 600 доллардын тегерегинде (2016-жыл боюнча). Айлыгы 6-7 миң сомдон ашпаган мамлекеттик кызматкерлер көп. Жаш мугалимдердин айлыгы бүгүн 6-7 миң сомдун тегерегинде экенин Каржы министрлигинин өкүлү тастыктады. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, мугалимдердин орточо айлыгы бүгүнкү күндө 9 миң сом. Демек, унаасына жаңы дөңгөлөк сатып алууга баарынын эле чамасы жете бербейт. Мындай чектөө эң оболу калктын аярлуу катмарында нааразычылыкты күчөтөрү турган иш. 2015-жылы парламент оң рулдуу унааларды такси катары колдонууга 2016-жылдан тарта тыюу салган. Коомчулуктун "Оң рулдуу автоунаалары менен иштеп, үй-бүлөсүн багып жүргөндөр жумушсуз калышабы? Жолдогу кырсыктарды азайтуу үчүн ириде паракорчулукту, мыйзамдар баарына бирдей иштебеген системди оңдоо керек" дегенине убагында көңүл бөлүнгөн эмес. Коомчулукта нааразычылык күчөгөндө гана мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдырышты. Кыргыз эли азырынча ЕАЭБдин пайдасын көрө элек, бирок зыянын тартууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан