Фейсбукта жазган билдирүүсү боюнча соттолгон Аскарбеков: "Депутат соттук процесске кийлигишип жатат"

Бүгүн, 5-январда социалдык тармактагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча Мавлян Аскарбековду Октябрь райондук соту күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу активист өзү SUPER.KG порталына кабарлады.

Мавлян Аскарбековдун айтымында, Октябрь райондук соту Гүлчехра Оморова Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү ага бул иш тууралуу бир нече суроо менен кайрылганын айткан. Мындай жол менен депутат Дастан Бекешев ИИМ аркылуу сотко басым көрсөтүп, соттук процесске кийлигишип жатканын кошумчалады активист.

"Сот менин 19-июлда жазган билдирүүм боюнча ишти бүгүн карап, мени күнөөлүү деген чечим чыгарды. Мен буга макул эмесмин жана кийинки инстанцияга кайрылам. Биринчиден, социалдык тармактагы баракчага күнүмдүк ойлорду, пландарды жазып турабыз. Экинчиден, ал тармак Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жалпыга маалымдоочу каражаттарга кирбейт. Мен дагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнүн мага айткан нааразычылыктары боюнча күнүмдүк эле оюмду жазгам", - деди Аскарбеков.

Активист ага аталган уюмдун бир нече мүчөсү депутат Дастан Бекешев менен уюмдун жетекчиси Калык Мамбетакуновдун кылыктары боюнча арызданганын айткан. Бул иш боюнча соттук отурумдарга алар коё берилбей, өздөрүнүн суранычтары менен да күбө катары көрсөтмө бере алышкан эмес.

"Мага кайрылгандар уюмга таандык менчиктерди ушул эки киши туугандарына каттатып жатышканын айтышкан. Аларды ачык делген соттук отурумдарга киргизишкен жок. Бүгүнкү күндө Бекешев дагы 3 майыпты сотко берип жатат. Бирөөсүн Жогорку Кеңешке кайрылганы үчүн, экинчисин жазган ыры үчүн", - деп кошумчалады Мавлян Аскарбеков.

Белгилей кетсек, 19-июлда М.Аскарбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Калык Мамбетакунов мыйзамсыз иштерди жүргүзгөнүн, аны депутат Дастан Бекешев колдоорун жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
PERSONAL
2017-01-05 17:47:25
Бийлик азыр оздоруно сын айткан активисттерди каалагандай жазалап жатышат. Бул бийлик эн кир бийлик болуп калды.
+6
sarbo
2017-01-05 18:49:53
"Пил учат" десе ооба учат деп калат окшойбуз эми бийликке.
+7
KGstan1981
2017-01-05 21:40:42
Билинбей акырындап Озбекстанга,Туркменистанга окшоп тоталитардык системага отуп жатабыз. Барып, барып туркмендер Туркмен Башы дегендей,ал эми озбектер Рааматы Каримовту бизнин бобамиз дегендей.Биз дагын Алмазбек Шаршенович биздин атабыз деп калбасак эле болду.
+3
tursunbaev78
2017-01-05 22:32:09
KGstan1981,биринчиден раматылык Каримов экинчиден ошол Өзбекстандагы жада калса Таджикстанда бизге караганда экономикасы өнүгүп жатат Түркменистандын экономикасы бизден он эсе жакшы бир дагы Түркмөн эч жака тентиген жок ойлонсоңор
0
tursunbaev78
2017-01-05 22:24:45
Ушул Бекешов деле коррупционер окшойт сүйлөгөнү башка иш жүзүндө башка
+5
BekAmir
2017-01-05 23:24:41
Оозу кыйшык болсода байдын уулу суйлосун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан