Сузак районунда көлөмү 40 миллион метр кубду түзгөн жер көчкү жүрүү коркунучу жаралууда (фото)

Сузактагы 1990-1994-жылдары жүргөн жер көчкү дагы активдешип, учурда 16 үйгө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган райондун Жалгыз-Жанак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 3-январь күнү 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак жайга коркунуч жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40 миллион метр кубду түзөт.

Аталган жер көчкү 1990-1994-жылдары да жүрүп, натыйжада 6 турак үй зыянга учурап, 16 турак жайга коркунуч жараткан. Турак үй ээлерине жергиликтүү бийлик тарабынан коопсуз жерлерден турак жай куруу үчүн жер тилкелери жана мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар берилген. Бирок азыркы учурда жашоочулар жашап жатышат.

"2017-жылдын 5-январында ӨКМнын адистери тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жана айыл аймак башчысына 16 үй-бүлөнү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгаруу боюнча жеринде эскертме берилди. Жергиликтүү бийлик тарабынан аталган тилке байкоого алынып, күзөт уюштурулду жана кооптуу жерде жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгуу боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mukay
2017-01-06 09:08:57
Кечээ болгонбу байкабапмын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан