Казакстан Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн азыктарды Орусияга алып өтүүгө чек коюуда. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын башчысынын кеңешчиси Төлөнбек Ырысалиев билдирди.
"Казакстан 31-декабрь күнү түштөн кийин электрондук почта аркылуу кат жиберип, жүк ташып өткөрүү талабы өзгөргөнүн кабарлады. Алардын талабында өлкө аймагында өндүрүлгөн товарларды жүк ташуучу унаалар жана аба каттамы аркылуу алып өтүүгө тыюу салып, жалгыз гана темир жол менен өтүүгө жол ачып жатышат. Бул учурда дагы бир гана каттам менен өтүүнү айтып, каттамды өздөрү аныктап коюшкан. Ага карабай алардын бул кадамы мыйзамсыз экенин далилдеп, сүйлөшүү аракеттерин жүргүзүп жатабыз. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ортосунда мындай тоскоолдуктар болбошу керек эле", - деп билдирди Ырысалиев.
Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсү 2015-жылы август айында Евразиялык экономикалык биримдикке кирип, өндүргөн товарларын Орусия жана аталган биримдикке кирген өлкөлөргө экспорттоп келген.