Бишкектеги өлүккана өтө кейиштүү абалда. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
Анын айтымында, акыркы 20 жыл ичинде өкмөт өлүккананын абалына көңүл бурган эмес. "Жабдуулар эски, имараты Медициналык академияныкы экен. Капиталдык оңдоо иштери 1987-жылдан бери жүргүзүлбөптүр. Жер титиресе, имарат кулап кетчүдөй. Өлүкканада иштегендердин айлыктары 6 миң сомдон 12 миң сомго чейин. Аймактардагы өлүкканаларда абал мындан да оор", - деди Карамушкина.