Боинг 747 учагы кыйраган аймактан табылган "кара куту" Москва шаарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Эскерте кетсек, 17-январда алгачкысы, 18-январда экинчи "кара куту" табылган. Ал эми 16-январда табылды делген "кара куту" учактын тетиги болуп чыккан.
Учактын кыйрашын Эл аралык авиациялык комитеттин атайын комиссиясы иликтейт. Комиссия кечээ, 18-январда иликтөө иштерин баштаган.