Кытайдын Хэбей провинциясындагы Ичан шаарынын тургуну, 30 жаштагы аял эркек бала төрөгөндөн кийин 6 күн өткөн соң эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 21-февралда ал 1,44 килограмм салмагында биринчи уулун төрөп, толгоосу токтоп калган. 6 күн өткөн соң, 27-февралда ал эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келген. 2012-жылы баш кошушкан Чэндердин үй-бүлөсүндө түгөйлөр көп убакыттан бери балалуу боло албай жүрүшкөндүктөн, 2016-жылы аялы Ухан шаарында дарылоо курсунан өткөн.
Учурда ымыркайлар жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда. Акушердин айтымында, мындай учур анын 20 жылдык дарыгерлик практикасында биринчи жолу катталууда. Бул дизиготтук үч эм болуп эсептелет. Башкача айтканда, бала энесинин ичинде кыздар менен бирге эмес, өзүнчө түйүлдүктө өөрчүгөн.