Түштүк кореялык "Сен кереметсиң!" сериалына катышкан актёр жана ырчы Ли Хон Ки 27 жашка толду. Ал 1990-жылы 2-мартта Корея Республикасынын Кванджу шаарында төрөлгөн. Ли Хон Ки кичинекей кезинде балдарга арналган тасмага тартылып, кийин ырчы болууну чечкен.
2007-жылдан баштап "FTIsland" балдар тобунда ырдай баштаган. 2011-жылы жарыкка чыккан "Сен кереметсиң!" тасмасында жараткан ролу үчүн жаңы "Drama Awards" сыйлыгынын "мыкты актёр" наамына татыган.
Актёр мындан тышкары "Менин сүйлөшкөн кызым - Кумихо", "Булчуңдуу кыз", "Норико Сеулга барат", "Ысык коштошуу", "Кылымдын келини", "Заманбап дыйкан", "Итти кантип уурдаса болот?" жана башка сериалдарда роль жараткан. 2013-жылы маникюр жасоо өнөрү тууралуу "Lee Hong Gi Nail Book" деген аталышта китеп чыгарган.
2016-жылдын август айында Ли Хон Ки актриса Хан Бо Рым менен сүйүү мамилесинде деген кептер айтылган. Ошол эле жылдын ноябрында экөө кыз-жигит экендигин жар салышкан.
2-мартка карата жылнаама