Бишкекте "Шоронун" 25 жылдыгында урушкандарды видеого тартып алган тургун: "Башкаларга сабак болсун дегем"

Кечээ, 25-майда “Шоро” компаниясы 25 жылдыгынын урматына кардарлары үчүн бекер суусундук тартуулаган. Акциянын жүрүшүндө суусундук сатуучу менен кардардын ортосунда пикир келишпестик орун алган видео коомчулукка тарап, талкуу жараткан. Видеодо кардар менен сатуучунун ортосуна түшкөн Актилек Замирбеков бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына окуя тууралуу айтып берди.

“Бул күнү "Шоро" компаниясынын 25 жылдык юбилейи белгиленип, суусундуктар шаар тургундарына акысыз берилип жаткан. Ал күнү мен аталган компанияга ыктыярчы катары жардам берип жүргөм. Ал күнү бир гана максым суусундугу таратууга чыккан. Фучик-Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишиндеги түйүнгө кардарлар келип калышты. Аларга сатуучу максым куйса, кардардын бири чалапты аралаштырып куюуну талап кылды. Ага акысыз максым гана таратылып жатканын айтып, куюлган стаканды кайра сундук. Ошол убакта кардар эмне, мага орой сунуп жатасың?” деп максымды чачып жиберди. Дал ошол мезгилде бизге кыйкырып жаткан аял спирт ичимдигин ичип алганын байкадым. Өзүмдү жоготуп, эмне кылганымды билбейм, ал отургучка отурайын десе, аны алып алыптырмын. Кайра мени отургуч менен урду, бирок тосуп калдым. Окуя боюнча компания тараптан эч кандай жемелөө болгон жок. Тескерисинче иштешүүнү сунуштап жатышат", - деди Замирбеков.

Бул окуяны уюлдук телефонуна тартып калган Эламан Акылбеков видео коомчулукта мынчалык талкуу жаратарын күтпөгөнүн айтат:

л топтолуп турган жерге келсем, эки тарап жаңжалдашып жатышыптыр. Башкаларга да сабак болсун деген максатта тартып социалдык баракчама киргизип койдум. Бир күн аралыгында эле массалык маалымат каражаттарына чыгып, коомчулуктун талкуусуна түштү. Видеонун автору катары көрсөтүлгөнүмдөн улам социалдык тармактагы баракчама катталгандардын саны арбып, достук жибергендер көбөйдү”.

“Шоро” компаниясынын сапат бөлүмүнүн башчысы Разия Султанова видеодогу сатуучу 15 жылдан бери иштеп келе жатканын билдирди.

"Майрам күнү баары ойдогудай болуп жаткан. Калаанын башка аймактарында эч кандай кемчиликтер орун алган жок. Коомчулукка тараган окуядагы сатуучубуз өз ишине тың, мүнөзү оор басырыктуу. Биздин компания ал менен 15 жылдан бери иштешип келет. Ал күнү сатуучу Назгүл Молдогазиева жакшы маанайда отурган жерин шарлар менен кооздоп койгон. Бир убакта жогорудагыдай жагымсыз окуя болуп кеткен", - дейт Султанова.

Видеодо пикир келишпестиктен улам эки тарап милиция кызматкерлерин чакырууга макул болушканын көрүүгө болот. Жыйынтыгында тартип сакчылары чакырылбаганын, эки тараптын тең ачуусу басылган соң тарап кетишкенин кошумчалады Актилек Замирбеков.

Ал эми кардардын байланыштарын табуу мүмкүн болгон жок.

Бекер максым таратылганда чыр чыгарган кимдер?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
maksatbekova
2017-05-26 22:51:57
Бекерге ыраазы болбой урушкан эжеге уят эле.
+22
Ulan2601
2017-05-27 00:30:08
Бекер шорону да эптеп иче албай ызы чуу кылып журот уят эжеге
+25
aerforce
2017-05-27 00:45:44
Чынында мен дордойдон ичтим аябай жакшы суйлоп кулуп куйуп берди мага куярда идишинде тугонуп калыптыр эле алмаштырып жаткан кутуп калсам кечиресиз куттургонумо деп сылык суйлоп жатты башка жерденда кордум сылык суйлоп жатышты а бекер тамакты аш кылалбаган улгайган эжеге уят эле же балким башка фирмалардан атайын уйуштурулган бирдемего чамасы
+13
Missing-u
2017-05-27 10:38:28
aerforce,Шоро компаниясы башка кундору дагы кардарларга жылуу-жумшак суйлоп мамиле кылышат)
+9
nazira1989
2017-05-27 01:35:35
Канчалаган адамдардын суусунун кандырып келет,рахмат "Шоро".Негиздоочулорго алкыш,коооооооп жылдарга элге суусундуктарды тартуулап журо бергиле.Анан да баарыбызды Рамазан айынын кирип келиши мн куттуктайм.
+13
meni_kut
2017-05-27 02:07:28
Кыргызда конумуш адат жакшыны жаап жаманды жар салабыз.Сабак болсун десен жакшы нерселерди чыгаргыла.И так негативдер толтура))
-4
pixduel1
2017-05-27 02:36:56
Азыркы заманда бир жерде акысыз нерсе берилгени чанда кезигет! Ошентсе да компания чыгынып, элге жагымдуу маанай тартуулап бул мумкунчулукту берди. Бирок кээ бир адамдардын журум-туруму жанды кейитет! Ичип алып Рахматын айтып,ары кете берсе эмне?! Жакшылык да жакпайт кээ бирине! Видеого тартылганы туура анткени ал адам мас абалда болгон болсо, кийин озуно келип кылган ишине окунуп калаар!
+6
take.kg86
2017-05-27 03:18:49
Бул шоро суусундугу москвада да кенен жайылып баратат
+10
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-27 08:34:50
Билбейм кандай жасашат тазабы же кандай жубайым тажатат ичем дей берип жок дегенде эн кичинесин алып бер деп жакшы ийгилик шорого улуттук суусундук.
+3
modem4999
2017-05-27 17:19:12
Bolunbo.kyrgyz,таптаза жазашат ,чонунан эле алперебериниз.
+3
kechirmeni
2017-05-27 09:00:52
Бизге эч нерсе жакпайт да озу. Коомчулукка сый кылып берип аткандан кийин батасын берип рахматын айтып жакшына ичип кете бер да. Ошого да ыраазы болбой тополон кылып звезда болбой. Урматтуу шоро анча мынча нерсени конулунуздорго албаныздар. Эл керегине жарап мындай акцияларды коп коп уюштуруп элдин батасын алып журо бериниздер :)
+6
aselushka
2017-05-27 10:30:48
Шарларда эмне куноо?
0
yoona96
2017-05-27 11:03:19
Бекер бергенден кийин рахматын айтып кете бербейби озун корсотпой клиент всегда прав кылбай эле видеону коруп кыжырын келет чындыгында азыркы заманда адамга эч несе жакпайт айрыкча биз кыргыздар аябай характер боюнча аябай эле жаман болуп кеттабыз. Карап турсан жашы деле каарысы деле тарбия жактан бузулган бир демке болсо эле кекетип бойкоторуп меники гана прав деп даже ушинтип урушуп жулмалашканга чейин барат
+4
BekAmir
2017-05-27 11:21:01
Кыргызда жакшы соз бар "ашын болбосода кашын болсун" суу берседа жаман коруп милдет кылбай бериш керек сатуучу
-8
sabyr86
2017-05-27 17:55:59
Так ушул жерден эртең м.н ичкем,мен бекер экенин да билген эмесмин,ичейин деп барсам эле,сонун маанай тартуулап,жакшы сөздөрду сүйлөп бекер дешти.таң калганча ичип алдым))
+1
alishsapan
2017-05-27 19:39:03
Болсо текин иче бер секин болбосо текин кете берда секин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан