Бишкекте таштанды челектердин алдында заара кылып жаткан милиция кызматкеринин сүрөтү интернеттеги социалдык тармактарга илинди. Сүрөттө номери MVD 142 B болгон кызматтык унааны да көрүүгө болот. Укук коргоо органынын бул жоругу Киев жана Гоголь көчөлөрү тарапта болгону маалымдалды. Интернет колдонуучулары милиция кызматкерин кескин сынга алышууда.
Көпчүлүгү орган кызматкерин коомдук жайда заара ушатып жатканы үчүн уяткарышкан. Анын ичинде көрүнүш Бишкекте даараткана маселеси курч экенин көрсөтүп жатканын айткандар дагы бар.
"Бул табигый нерсе экенин түшүнөм, бирок чыдаса болот да. Эмне үчүн аялдар чыдап жүрө алышат? Күндүз эркектердин жашынбай эле заара кылып жатканын көрүүгө болот. Бул уят деп эсептейм. Эгер ден соолугуна байланыштуу эле болбосо бул уят деп эсептейм", - дейт колдонуучулардын бири.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы милиция кызматкеринин бул жоругу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти. "Азыр аты-жөнү тактала элек. Ким экендиги аныкталгандан кийин чара көрүлөт", - деп билдирет шаардык ички иштер башкы башкармалыгы.