Футбол боюнча Азия Кубогуна катышуучу Кыргыз улуттук курама команданын кеңейтилген тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылдын 5-январь - 1-февраль аралыгында өтө турган Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин 35 оюнчуну чакырды. Кеңейтилген курамга орусиялык "Енисей" футболдук клубунун коргоочусу Валерий Кичин дагы кирди. Кичин 2017-жылдын октябрь айынан бери улуттук курамдын катарында ойногон эмес. Буга анын клубдук оюндарга кененирээк көңүл буруу үчүн Кыргыз курамасынын катарында ойноодон баш тарткандыгы себеп болгон.
Окуу-машыгуу жыйындары 7-декабрда башталып, Катардын Доха шаарында өтөт. Анда 35 оюнчудан 28 оюнчу тандап алынат. Жыйындардын алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Палестина, Катар жана Иордания курама командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Окуу-машыгуу жыйындарына катыша турган футболчулардын тизмеси кийинчерээк белгилүү болот.
Улуттук кураманын кеңейтилген курамы:
Дарбазачылар:
Павел Матяш (клубу жок), Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков (“Дордой”), Калысбек Акималиев (“Абдыш-Ата”), Арстан Кудайбердиев (“Илбирс”)
Коргоочулар:
Авазбек Откеев, Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов, Аскарбек Салиев ( “Дордой”), Камолидин Ташиев, Аманбек Маныбеков (“Абдыш-Ата”), Даниэл Тэго (Читтагонг Абахани”, Бангладеш), Вениамин Шумейко (клубу жок), Айзар Акматов (“Алга”), Виктор Майер (“Виденбрюк”, Германия), Валерий Кичин (“Енисей”, Орусия), Шерзот Шакиров (“Нефтчи”)
Жарым коргоочулар:
Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу (“Дордой”), Бахтияр Дүйшөбеков (“Башундхара Кингз”, Бангладеш), Эдгар Бернхардт (“Тыхы”, Польша), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Турсунали Рустамов (“Алга”), Одилжон Абдурахманов (“Алай”), Антон Землянухин (“Илбирс”), Алимардон Шукуров (“Абдыш-Ата”)
Чабуулчулар:
Эрнист Батырканов, Кадырбек Шаарбеков (“Дордой”), Мирлан Мурзаев (“Сомаспор”, Түркия), Виталий Люкс (“Ульм-1846″, Германия)