"Реалдын" футболчусу Криштиану Роналду жаӊы төрөлгөн эгиз балдарынын сүрөтүн жарыялады.
"Жашоомдогу жаӊы эки сүйүүмдү кармап турганыма бактылуумун", - деп жазган футболчу интернеттеги өздүк баракчасына кызы менен уулун кармап түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-июнда Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунун 3-орунга болгон беттешинде Португалия курамы Криштиану Роналдусуз ойноору белгилүү болгон. Буга себеп эгиздерине жолугуу үчүн учуп кеткени, наристелерди карын эне жарык дүйнөгө алып келгени айтылган.