Бүгүн, 30-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Заноза" сайты менен бул ЖМКнын журналисти Нарын Айыпты "президенттин аброюна шек келтирди" деп 6 миллион сом айыпка жыкты.
Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура 2015-жылы "Заноза" сайтында журналист Нарын Айыптын "Миллионы от президента: за чей счет банкет на самом деле?" деген макаласы чыккан. Анда мурдагы президент Аскар Акаевдин "жазуучуларга бөлүнгөн 50 миллион рублды Алмазбек Атамбаев жеке кызыкчылыгына колдонуп койгон" деген билдирүүсүн колдонуп, президенттин аброюна шек келтирди деп доо койгон башкы көзөмөлдөөчү орган.
Соттун жүрүшүндө Нарын Айып жана жактоочулар журналисттер ар кайсы адамдын айткандарын пикир катары колдонууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешип, бул соттук иштер саясий куугунтук экенин айтышты. Сотту дагы жогору жактан чечилип калган чечимди аткаруу үчүн отурасыз деген пикирлерин билдирип жатышты.
Буга чейин бүгүн Октябрь райондук соту "президенттин аброюна шек келтирди" деп "Заноза" сайтын жана экс-депутат Чолпон Жакупованы 12 миллион сом айыпка жыккан.