Бишкекте Эл аралык йога күнү 500гө жакын кишинин катышуусунда белгиленүүдө. Иш-чараны Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги уюштурган.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чара Кыргыз мамлекетинде 2-ирет белгиленип жатат.
"2014-жылдын декабрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 21-июнду Эл аралык йога күнү деп белгилеген. Быйыл бул дата Орозо айына туш келгендиктен бүгүн белгилеп жатабыз. Йога физикалык жактан гана ден соолукту бекемдебестен руханий жактан күчтүү болууга үйрөтөт", - дейт элчи Лахшаман Савитри.