Орусиялык депутаттар Путинге Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөө укугун берүү тууралуу кайрылуу даярдашты

Орусиялык депутаттар Кыргыз жергесинде орус тили расмий тил болгондуктан, Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөгө уруксат берүү тууралуу кайрылуусун даярдашканын Риа Новости басылмасы жазып чыкты.

КМШ өлкөлөрүнүн иштери боюнча Мамлекеттик думанын комитети Орусиянын президенти Владимир Путинге Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жеке ишкерлик менен алектенүү укугун берүү маселесин карап чыгуу тууралуу кайрылууну даярдап, аны кароого төмөнкү палатага киргизди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер жумушка чыга албай калышкан.

"Чет элдик жарандарга транспорт каражаттарын башкаруу менен байланышкан ишкердигин жүргүзүүгө тыюу салуунун зарылдыгы орус тилин билбегенден улам чыккан. Бул федералдык мыйзам Кыргыз жарандарына да тиешелүү болуп жатат", - дешет авторлор. Алар Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында орус тили расмий тил катары көрсөтүлгөнүн баса белгилешкен.

"Бул жобо Кыргыз жарандары орус тилин жакшы билеринен, жол кыймылынын эрежелерин окууга мүмкүн экенинен кабар берет", - деп жазышкан кайрылуунун авторлору.

"Жогоруда жазылгандарды эске алып, депутаттар сизге, урматтуу Владимир Владимирович, Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жеке ишкерлик менен алектенүүгө укук берүү маселесин кароону өтүнөбүз", - деп жазышкан кайрылуусунда депутаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
salimbek87.kg
2017-07-02 18:38:54
жакшы кабаргоо э
+13
Janybekleilekkg
2017-07-02 18:39:00
Путинтин чечимин чыдамсыздык менен кутобуз,кыйналып кеттик иштей берсекпи же иштебей эле турсакпы деп бир айдан бери
+13
bond
2017-07-02 21:24:44
Janybekleilekkg,иштей бер эч нерсе дебей эле мен иштеп эле журом.
+2
imanchik
2017-07-02 18:47:30
Буйруса жумушка чыгам)
+5
Neizvestno777
2017-07-02 19:03:04
Биздин депутаттарчы эмне кылып журот?
+9
gitaris93
2017-07-02 19:06:09
Neizvestno777, Биздин депутаттар уктап жатат ананиш буткон сон биз кылып деп чыгышат.
+8
k.anara
2017-07-02 19:09:43
Neizvestno777,биздикилерби?Алар тоону томкоргонсуп элдин акчасына Ысык-Колго эс алууга кетишкен.Эчнерсе кылбай кантип эс алышат тан калам,тобоо.
+10
One.in.a.million
2017-07-02 19:21:35
Эми Путин байке эмне десе ошо экен да
+6
Lekarstvosvoegomuja
2017-07-02 20:33:33
Уялам(((
+4
barsa30
2017-07-02 20:43:00
мда орус чиндери чуркап жүрүшөт кыргыз үчүн Атамбаевдин суранычы ишке ашатко дейм негизи ажо барып келбеди беле орусияга
-1
k.anara
2017-07-02 21:19:46
Хе хе ,Атамбаев созундо: "мени 6жылдан бери Кудай колдоп келе атат"дептир.Путинди Кудай деп айта албай уялды го.Ал эмне десе ошону кылып келе жатат 6 жылдан бери.
+5
jakilik
2017-07-02 23:19:08
Биздин депутаттар каникулда
+1
nazgul1905
2017-07-03 10:18:06
Биздин депутаттарга не холодно не жарко да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан