ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: 15 жашынан тартып Тибетти башкарган Далай-лама Лхамо Тхондуп 82 жашка толду

Далай-лама – тибеттик буддизм дининин жогорку өкүлү. 1391-жылдан тарта Далай-ламалар Тибеттин эң жогорку диний жана мамлекеттик жетекчилери болуп келишет. "Далай" сөзүн монгол тилинен которгондо "океан, улуу" деген маанини берет. Ал эми "лама" тибетче "мугалим, окутуучу" дегенди туюндурат. XIV Далай-лама Лхамо Тхондупту көбү эң акыркы Далай-лама деп сыпатташат. Ал андан мурунку өткөн Далай-ламалар сындуу эле боорукерликке, жакшылыкка, зордук-зомбулуксуз жашоого дүйнөнү үндөп келет.

Ал 1935-жылы Тибеттин кичинекей Такцер деген айылында орто заар жашаган дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси ага жарык дүйнөгө келгенде Лхамо Тхондуп деген ысымды ыйгарышат. Лхамонун ата-энеси жалпысынан 16 балалуу болуп, анын ичинен тогузу эрте эле чарчап калышкан.

1940-жылы Лхамо Тхондупту расмий түрдө Тибеттин диний жетекчиси деп жарыялашкан. Мындан ары 5 жаштагы Лхамо Далай-лама болуп, чачын ар убак кырдырып, кечилдердин кийимин кийип жүрүшү керек болгон. 1950-жылы Тибет элинин демилгеси менен 15 жаштагы Далай-лама Тибеттин мамлекеттик да, диний да жетекчиси болуп дайындалат.

1959-жылдын 10-мартында Чжан Цзиньу аттуу кытайлык генерал Далай-ламаны театрга чакырат. Бирок ага Тибеттин жетекчиси жан сакчылары жок келиши керек эле. Мындай чакыруу Далай-ламанын өмүрүнө коркунуч жаратмак. Ошол убакта кечил олуя Нечунг да Далай-ламанын Тибетте калбашы керектигин айтып, аны качууга үндөйт. Аз өтпөй жөнөкөй жоокердин кийимин кийип жашырынган Далай-лама ишенимдүү жана жакын адамдары менен Индияга качкан. Ошол жылдардан тарта Далай-лама Индиядагы Дхарамсала деген аймакка отурукташып калган.

Ага 1989-жылы дүйнөдөгү тынчтыктын сакталышы, зордук-зомбулуктун болбошу үчүн жасаган аракеттери үчүн "Нобель" сыйлыгы ыйгарылган.

Далай-ламанын ойлорунан:

  • “Ийгиликтин ачкычы – жакшы маанай. Маанайың болбосо кичинекей максатыңды да орундата албайсың. Андыктан ар дайым оптимист болгонго аракеттенгиле”.

  • “Бирөөнү сөз кылар алдында анын бут кийимин кийип, ал басып өткөн жолду кайтала. Ал чалынган ар бир ташка сен да чалынып көр. Андан соң гана кандай жашоо керектигин айт”.

  • “Бакыт – бул кыйынчылыктын жок болуусу”.

  • “Биздин жашообуздун негизги максаты – бактылуу болуу”.

  • “Бакыт дароо эле даяр болуп келбейт. Ал сиздин өзүңүздүн аракетиңизден көз каранды”.

  • “Өз ой жүгүртүүңүздү алмаштыруу менен бүт ааламды өзгөртө аласыз”.

6-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан