Интернетти бийи менен жарган "жеңе": "Видеону кайын-журтуң көрсө эмне дейт, уят эмеспи деп катуу сындашты"

Бүгүн, 6-июлда "жеңенин" бийи интернетке кенен жайылып, коомчулук арасында жылмаюуну, талкууну жаратты. Колдонуучулар мындай өмүрлүк жар менен жашоо кайсы жерде болбосун кызыктуу өтөрүн айтып жатышты. Жайлоодо бийди катырган студент кыз Сайкал Жумалиева менен SUPER.KG порталы байланышып, видео кандайча тартылып калганын билдик.

"Мен борбордогу окуу жайлардын биринде 3-курста окуйм. Жайкы эс алууда ата-энемдин жанына Ат-Башынын Арпа жайлоосуна баргам. Ал жактан жөн кетпей эсте кала турган видео тартууну ойлоп, апамдын халаты менен жоолугун салынып, үй шыпырып жатып ырдап кирген жеңенин образын аткардым. Кечинде ал видеону социалдык баракчама жүктөп койгом. Эртеӊ менен турсам видеону көргөндөр, билдирүү калтыргандар көп болуп кетиптир", - дейт Жумалиева.

Ошондой эле аны "видеону кайын-журтуң көрсө эмне дейт, уят эмеспи!" деп сындагандар болгонун айтат.

"Көпчүлүк мени келин деп ойлоп, "кайын-журтуң көрсө эмне дейт, уят эмеспи!" деп сындашыптыр. Бирок мен турмушка чыга элегимди айтып актангым келген жок. Ал гана эмес, устуканды микрофон кылганымды да катуу сынга алышты. Видео 2-3 мүнөттө даярдыксыз эле тартылгандыктан колума тийген нерсени микрофон кылууга туура келди".

Ошондой эле эргүү келгенде ар түрдүү видеолорду даярдап турарын кошумчалады.

Позитивдүү "жеңенин" бийи интернетти жарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
raykray
2017-07-06 20:56:02
эн соонун.курут которгон суроту жакты, ырдаганды деле жаман бийлегенди деле жаман дешет,
+5
ayjan_90
2017-07-06 21:01:54
Позитивная кыз экен
+5
Leilek-razzakov
2017-07-06 21:17:45
Уч албарстыга караганда жакшы бий.
+27
birtanem
2017-07-06 21:43:39
Leilek-razzakov,точно и аябай сонун азамат
+5
kychan.98
2017-07-07 02:12:54
birtanem,кыргыздын кыздарына баарына эле жин тийип калганбы?
-3
Aruwka.89
2017-07-06 21:59:34
Лично мага жакты абдан соонун баарынын еле колунан келе бербейт азаматсыз
Бирок мен деле келинго дер ойлогом))))
+7
legion-arbat
2017-07-06 22:07:39
Эми бул вайн экенда э,приколдуда тушунсонор жакшы бийлептир.азаматсын
+5
Izdeim_seni.
2017-07-06 22:37:56
jakshu,erkin bijleptir. muna men dele pozitivnui komment jazam. jaksu bolso eger.
0
suban78
2017-07-06 23:13:39
Мага жакты, молодээс, прикольно
+2
Djal1987
2017-07-07 00:30:16
Соннун болгон
+4
gitaris93
2017-07-07 01:01:50
Онору куч ко бул кыздын. Мага жакты бийлеген молодец
+1
karasuu
2017-07-07 01:10:21
Натуральный мех шубасы да сонунго : )))
+6
Yasmina87
2017-07-07 12:49:07
Озу билет эмне кылса,уят болсо озуно уят бизге эмне,чыныгы не окрашенная красавица турмушка бышык кыз экен
+1
altunbek78
2017-07-08 15:24:00
кыргызча ыр болгондо жакшы болмок экен, кыргыз кыз-келиндердин жашоосунан бир көз ирмем болуптур да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан