Нарында "Солтон-Сары" алтын кен ишканасында өз алдынча алтын казган тургундарды милиция кубалап жатат

Нарын районунун "Солтон-Сары" алтын кен ишканасында алтын казып иштеген айыл тургундарын милиция кызматкерлери кубалап жатышат. Мындай маалыматты бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.

"Солтон-Сары" алтын казуучу жайында өз алдынча алтын казып иштеген айыл тургундарын жергиликтүү милиция кызматкерлери кубалап салыптыр. Арасынан айылдык балдардын эки унаасын укук коргоо кызматкерлери убактылуу токтотуучу жайга токтотуп коюшуптур. Ошондон улам эл арасында нааразычылыктар пайда болгон. Ал жерде 40-50дөй адам өз алдынча алтын казып жашоо-тиричилигин өткөрчү. Атайын алтын казып иштеткен комбинат да бар. Аны кытайлар иштетишет. Окуя кечээ, 7-июль күнү болгон", - деп билдирди атын атагысы келбеген Эмгекчил айылынын тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jakilik
2017-07-08 17:11:18
Эмгекчил алга!
0
nurikkg88
2017-07-08 17:49:41
Анда жергиликтуу тургундар бай болсо керек алтын кымбатко
0
Truelensk
2017-07-08 18:28:22
nurikkg88,эшектей болуп он кун иштесен он беш мин табасын.сен экообуз ага чыдай албайбыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан