"Чыгып кет, жогол, билген жагыңа бар!" деп кыйкырган кызматкердин видеосу коомчулукка тарады

Орой сүйлөп, документ алуу үчүн келген тургундарга "жогол, чыгып кет" деп кыйкырган кызматкердин видеосу социалдык тармактар аркылуу коомчулукка тарады. Телефонго тартылган видеодо мекеменин кызматкери документин алууга келген тургунду түрткүлөп, иш бөлмөдөн чыгарууга аракет жасап, "жогол, чыгып кет, билген жагыңа барып арыздан" деген сөздөрдү айткан.

Мекеме кызматкеринин мындай аракетин катуу сынга алып, "мындайларды атайын берененин негизинде жумуштан алуу зарыл. Чара колдонуш керек", - деген билдирүүлөрдү калтырышкан. Айрымдары мындайга жол берген мамлекеттик жетекчилерди күнөөлөшкөн.

Орой сүйлөп кыйкырган кызматкер азырынча кайсы мекеменин кызматкери экендиги, анын аты-жөнү белгисиз. Социалдык түйүндүн колдонуучуларынын калтырган пикирине караганда, видео Ош облусунун Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө тартылган. Колдонуучулар "кыйкырган кызматкердин аты Айжан, анын жолдошу прокурор", - деген да билдирүүлөрдү калтырышкан.

Тургундарга кыйкырган мекеме кызматкери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (47)
Nazikbaigazy
2017-07-15 13:25:03
Ак уйдон уйронсо керек да чык эшике деп
+1
Ma9
2017-07-15 13:31:21
Баардык кызматта иштегендерге Сабак боло тургандай жазалаш керек
+2
bema_bema
2017-07-15 14:03:29
Пошел вон отсюда дейтго. Олсун аял болбой жаман копгон экен .Мындайларды иштен айдап тим болбостон ,такыр мамлекеттик ишке албай эки же уч жылга кесиш керек.Супер инфо ушуну чондор коробу ким чара корот суруштурсонор абдан жакшы болот.
+2
Nazic
2017-07-15 15:53:55
Бул корунуш бардык мамлекеттик органдарда иштегендерге таандык. Бул кадрда отурган эжекей омс менен иштейт карасу райондук Загс болумундо. Мамилеси чындыгында ото орой, сылык суйлоп кирсен да корсулдап, обедке кетишет ровно 12-00 де 13-30 отуп келишет ар биринин астында машина, эч ким арызданбайт, мен акыры мукураганда оштогу телеканалдардын бирине чыгып тартпайсынарбы ушундай учурларды репортаж кылып корсотуп дегенимде, барганда созунордон кайтасынар, келип уят болгонбуз деп кайыр кош мамиле
+3
Nazic
2017-07-15 15:58:31
кылган, горячая линияга чыгып ал жакка кайрылгам, ал жактан деле жардам корсотом деп ашыккан киши жок, анан коррупция тамырына синиптир деп, кыргызча докчулуп жасап эле озум документтерин отуруп карап таап чыккам. Система ката: документтерди тапшырдынбы колуна отрывной лист карматышса болмок, рег номер коюп, келип рег номерине карап алып кете бересин, ар бирин утуру клиент келсе чыгарып берип отурбай, бардык жумушунду таштап эрте менен келип кечинде киресин кечке кутуп, анан мындай корунуш болсо
+3
Nazic
2017-07-15 16:01:35
Системаны туп тамырынан ондош керек, кайран элдин акчасын кайда барба бардык жерде саап ичет.. анан эле кечке коррупция менен курошушот... чындап курошсо биринчи элдин унун угушсун, жогоруда туруп курук соз менен элди козун боешпой... соз коп, чара колдонооруна деле ишенбейм. Бул жактан кетсе башка жака барып отурат..
+3
Kanatbek81
2017-07-15 18:02:30
Озбектер без очередь пара берип жаман уйротуп жатышат. Тиги аялга 200 бердиниз деп жатпайбы.
+3
mir996
2017-07-16 02:43:02
Уяты жок ото кооп кетиптир жок кылыш керек окуно тургандай кылып Соцфондто дайым эле болуп келген иштер корупсиянын тубу жок Аллах жазасын берсин амин
+1
azamat1978
2017-07-16 08:32:53
Пашол он дегенин кочодо жургон кулиган аялга окшоп бети жок дакжи дейт берген болсо карап коруш милдети итко окшоп арылдайтко
+1
sayana
2017-07-16 12:57:01
Супер инфодон жооп жок го
+2
Nazic
2017-07-16 15:12:40
Супер инфо аягына чыгаргылачы ушул нерсени, жооп жок калып кетпесин
+1
admin_superstan
2017-07-17 11:19:14
toktor89, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
kksovet87
2017-07-17 13:51:54
Уят уят уят!!!!! Должностная инструкцияны окуп чыгыныз
+1
meliss
2017-07-17 13:58:16
"эу Чык эшике" "Пошел вон"
+1
ere
2017-07-17 16:11:23
Ана Кыргызстан мына Кыргызстан. Беш жыл кошуна мамлекеттен алдыда жашап жатканыбыздын далили
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан