"Күйөөсү Орусияда башка менен жашап жатканын уккан кызым аны издеп келем деп чыгып дайынсыз болууда" дейт атасы

Майлуу-Суу шаарынын тургуну 21 жаштагы Сирена Алтынбекова 24-июнь күнү чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге атасы Алтынбек Орозов билдирди. Ал кызы мурда турмушка чыгып ажырашып кеткенин айтты. Анын билдиришинче, кызы күйөөсү Орусияда башка бирөө менен жашап жатканын угуп, аны издөө үчүн чыгып кеткен.

"Кызым мурда психикалык жактан ооруган. Үйдөн чыгып кетердин алдында да оорусу козголуп жүргөн. Кызым күйөөсүн аябай жакшы көрчү, Орусияда башка менен жашап алды деп угуп ошондон да оорусу козголду окшойт. Акыркы жолу аны жолдо унаа тосуп турган жеринен көрүшкөн. Ошол боюнча дайыны жок", - дейт ал.

Ал Сиренаны издебеген жерлери калбагандыгын, бирок ал да жардам бербей жатканын айтат.

"Адамдар "сиздин кызыңызды Токтогулдан көрдүк" деп айтышканынан издеп барсак башка кыз экен. Жакында Аксы жактан да менин кызыма окшош кызды таксисттер көрүптүр барып таппай келдик. Кокус көргөн билгендер чыгып калабы деп Бишкек, Жалал-Абад шаарларынын көчөлөрүнө сүрөттөрүн илип чыктык, бирок кабар жок. Айлабыз түгөнүп төлгөчүлөргө да кайрылдык. Алар 3-4 күндүн ичинде келип калат дешти", - деди Алтынбек Орозов.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова милиция тарабынан издөө иштери жүрүп жатканын айтат. Ал Сирена Алтынбекованын жүргөн жерин көрүп билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматтар болсо, төмөндөгү телефон номерлерине билдирип коюулары керектигин айтат.

Байланыш телефондору: (03744) 5 06 33; 0558 33-00-01; 0773 84-43-00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-19 11:20:28
Толгучуго барбай еки ракат намаз окууп Кудайдан тиле кызынды аман есен табылып калышына олгондун устуно комгон кылбай!!!
+13
Janym_ata_enem
2017-07-19 11:25:37
Келинчегинин жакындарын ушундай азап кунго салган куйоосуно чексиз наалат!
+20
tular
2017-07-19 13:48:21
Janym_ata_enem, Куйосундо эмне куноо, ажырашып кеткен экенго! Чогуу жашап журуп таштап кетсе бир жон...
-1
Taku.14.02
2017-07-19 18:09:10
Janym_ata_enem,оорукчан болсо ажырашыптыр да. откондо окудунарго оорукчан кыз баласын кескилеп салганын 1 жаштагы. корксо крек оорусу кармаса кескилейт мени деп
-2
Jarookerjan
2017-07-19 18:55:41
Janym_ata_enem,бироонун жашоо турмушу бизге карангы.Куйоосу балким башка аргасы калбай ажырашкандыр.Билип билбей башканы каргап,наалат айтып куноого батпай эле коёлучу.
+3
jasgul
2017-07-19 12:39:54
Кызык элесинер да. Куйоосундо эмне айып. Оорукчан экен да. Ажырашып кеткен турбайбы. Бир жакшына кыз экен шыпаасын берип, аман-эсен табылып калсын
+8
ayjan_90
2017-07-19 14:10:22
Чын эле куйоосундо айып жок алдын эле ажырашып кетиптирго кайтып келсе даарылатса болсо керек
+2
bayana1987
2017-07-19 14:14:26
Эмне ажырашып кетсе эле ар ким менен жүрө бергенге эркектерге эмне болгон өзү!
-1
Gulim_zamujem
2017-07-19 14:34:00
ХХХ экен эркек эмес эле даарылатып жашаса болотко.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан