Бишкек-Ош унаа жолунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында аман калып бейтапканага жеткирилген айдоочуга операция жасалууда. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июлда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Мамажан Миянов билдирди.
"Жол кырсыгына кабылып "Тез жардам" унаасы менен жакынкы Шамалды-Сай шаардык ооруканага жеткирилген 1990-жылы туулган Д. уулу С аттуу айдоочуга учурда операция жасалууда. Анын сол буту эки жеринен, ошондой эле колу да сынып кеткен. Ички органдары да жарылган. Абалы оор бойдон калууда", - деп билдирди Миянов.
Эске салсак, бүгүн эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 8 адам каза болгон.