Учурда көпчүлүк жашоо-тиричилигин шаарда улантууну каалап, айыл жергесинен кетүү үчүн бардык аракетин жумшайт. Айрымдары буга айылдагы жумушсуздукту себеп кылышса, кээ бири айылдын жашоосун жактырбай турганын айтышат. Чынында айылда жумуш орундары аз, болсо да жарыбаган айлыгы менен. Мындан улам тургундар өз арабасын түртүүгө мажбур. Бирок ыгын тапса айылда да жакшы каражат табуу мүмкүн. Бүгүнкү күндө Кыргыз жергебиз өзүнүн экологиялык таза азыктары менен белгилүү болуп келе жатат. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну 70 жаштагы Шаршемби Жүкешев 1 гектар үлүш жерине өрүк, алма өстүрүп, түшүмүнөн киреше табат.
Ал өрүк өстүрүү менен 8 жылдан бери алектенет. Айтымында, буга чейин буудай, арпа, чөп да айдап көргөн, бирок бири да өрүктөй киреше алып келген эмес.
"Алгач жерге буудай, арпа, чөп айдап көрдүк. Отоо басып, 1 гектардан 1 тонна ала албай калган, арпадан нан жеген күндөрүбүз болгон. Айылда карыя киши балдарына миңдей түп өрүк көчөтүн тигип салды. 3-4 жылдан кийин миллиондоп акча таап жатканын көрүп, акыркы торпогубузду сатып, көчөт алдык. Көчөттөрдү отургузгандан кийин 3 жыл өтүп түшүм ала баштадым. Жаман эмес, үй-бүлөмө жеткидей каражат табам. Түшүм ар кандай болот. Бирде 300-400 миң сомго чейин алчубуз, былтыр эле "мына эртең терем" деген күнү мөндүр талкалап кетти. Бир да үзүм албай калган дыйкандар болду. А мен болгону 60 миң сомго түшүм сата алдым. Быйыл, буюрса, аба ырайы жакшы. Түшүм жакшы болот деп ойлоп жатам", - дейт Жүкешев.
"Эгер аба ырайы жагымдуу болуп, жакшы эмгектенсең, кирешең 500 миң сомго чейин болот. Эмгектениш керек, эмгек баарын актайт. Жер эмгекти жебейт экен. Биринчи жылы 10-20 тоннага чейин алгам, азыр 5-10 тонна алам. Табияттын өзгөрүшү болот экен, быйыл жакшы гүлдөбөй калды, бирок ошону да неберелерим, кыздарым, күйөө балдарым болуп терип бүтө албай жатабыз. Мына бүгүн 4-5 киши жалдап келдим, чакасын 20 сомдон теришет", - деп кошумчалады ал.
Шаршемби Жүкешев түшүм бышкан маалда, өз убагында жыйнап калуу эң негизги маселе экенин, адам канчага чыкса да эмгектениши керек экенин баса белгилейт.
Жубайы Акин Жумаева окурмандар үчүн өрүк өстүрүүнүн сырлары менен бөлүшө кетти:
"Ар бир көчөттү отургузарда түбүндөгү топуракка кык аралаштыруу керек. Түбүнө таштап коюу жетиштүү эмес. Өрүк күндү жакшы көрөт, күзүндө арасына күн киргидей кылып бутайбыз. Октябрь айында сугарып, жерди тоңдуруп коёбуз. Жазында, март айларында муз эриген соң солдордун арасын казып тооктун, малдын кыгын салып, көмөбүз. Суу тийгенде сугарабыз. Өрүктүн тамыры жайылат, андыктан кыктагы азыктар суу менен жетет. Жаңы көчөттөрдү отоого бастырбай, жакшылап кароо зарыл. Өрүктөр бир сезондо 4-5 жолу сугарылат. Курттарга каршы атайын дары себилет".
Сатыктан арткан өрүктөн Акин Жумаева компот жаап, кыям, как жасайт.
"Биздин өрүктөрдү көп жылдан бери түрктөр алып кетишет. Жеке фирма ачып, өзүбүздүн азыктарды жасоо кыялыбыз болгону менен, ага атайын жабдуулар керек. Биз аларды иштеткенди билбейбиз, илгерки ыкма менен как жасап, кышка кам көрөбүз", - деп кошумчалады Жумаева.
Бул үй-бүлөнүн кирешеси көп эмес, бирок жетиштүү, жадакалса балдарына да жардамдашууга жетерин айтат Шаршемби Жүкешев.